Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
к. АЧ АЙКЫРЫК, КУУ СҮРӨӨН ­Мындан ары чыдоого мүмкүн эместигин туйгузуп, ач айкырык салып, кырчылдаша талап койду (Бейшеналиев). Аалам чаап дуу болуп, Ач айкырык чуу болуп («Олжобай менен Кишимжан»). Жети асаба туу алып, Жеткен жердин баарына, ач айкырык чуу салып («Манас»). Ач кыйкырык. Адамдын чынбы же калппы деген эки ача ою ач кыйкырыкты чыгарбай торгоп турду (Жусупов). Адамдар да темирге окшоп алга сойлошту: ач кыйкырык, чаң, түтүн уюду (Жусупов).