Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Нысабы жоктук, сараңдык, дүнүйөкорлук, сугалактык. Алар акчанын, ач көздүктүн кулу, жылдан жылга кымыздын баасын өйдөлөтүшкөнү аз келгенсип, адамдын ден соолугуна зыяндуу көбүрмө-жабырма заттарды кошуп ийүүдөн да тартынышпайт («Кыргыз туусу»). Ал жөн эле турган жок, айланасына ач көздүк менен көз жүгүртүп турат (Жантөшев).