Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Оюндагысын ачык, шар айткан, түнт эмес, жайдары. Ачык-айрым жигиттин Кылган иши шар болот(Осмонкул). Өмүрлүккө сайрандайсың, күлөсүң, Ачык-айрым тамашакөй мүнөзүң (Элебаев). Ачык-айрымдыгы түштүктүн аялдарына окшобойт (Жантөшев).