ачуу I 1. горький; кислый; горечь; кислота; ачууну ачуу басат погов. клин клином вышибай (букв. горькое подавляет горькое); 2. жгучий, едкий, вызывающий боль; булуттан чыккан күн ачуу, жамандан чыккан сөз ачуу погов. жгуче солнце, вышедшее из тучи, едко слово, сказанное дурным; 3. гнев, злоба; ачуусу келди он обозлился; ачуусу жаман злой, сердитый; ачууну акыл жеңет погов. злобу ум побеждает; иттин ачуусу куйругунан билинет, аттын ачуусу кулагынан билинет погов. у собаки думка (букв. злоба) в хвосте, а у лошади в ушах; оң колуңдун ачуусун сол колуң менен карма погов. умей сдерживать свой гнев (букв. схвати левой рукой гнев правой руки); ачуусун иттей алды он сорвал злобу на собаке; ачууга тий- рассердить, разгневать; ачууңа тийип койдумбу? я тебя рассердил? ачууңа бекер тийипмин я тебя напрасно рассердил; ачууңузду сурап калдык просим вас не гневаться, просим вас переложить гнев на милость; ачууңузду бериңиз, жай сүйлөшөлү прошу вас не сердиться, поговорим спокойно; алактаган көр Көбөш ачуусун жанга бербестен фольк. разъярившийся кривой Кобеш не поддавался уговорам смирить свой гнев; эмнеге ачууңузду келтирдиңиз? почему вы разгневались? мага ачууңду келтирбей эле кой брось злиться на меня; ачуу кыл- то же, чтоачуулан-; ачуусу мурдунун учунда см.мурун I. ачуу II и. д. отачы- закисание, брожение. ачуу III и. д. отач- III 1. открывание; отпирание; 2. перен. выявление, разоблачение; айыбын ачуу выявление вины, разоблачение кого-л.
Iзат. Каар, кыжыры кайнап каардангандык. Ачууну акыл жеңет (макал). Ачуу — душман, акыл — дос, акылыңа акыл кош (макал).
АЧУУIIсын.1. Даам сезүү органдарын дүүлүктүрүп, тызылдатуучу даам, таттуунун карама-каршысы.
2. Кулакка жагымсыз, катуу чыккан (үнгө карата). Бүбүш эне чый-пыйы чыгып, ачуу үнү менен эки-үч кыйкырып жиберди (Таштемиров).
♦ Ачуу-таттуунундаамынтатуу — турмушта жакшылык-жамандыкты көрүү.
АЧУУIIIачы этишинин кыймыл атоочу.
Бул сөз азыр абдан өткүр даамга жана абдан катуу чыккан дабышка карата айтылат. Ал маанилеринин кайсынысы алгачкысы экенин кесе айтуу кыйын. Ошондой болсо да алардын даамга карата айтылганы алгачкысы, ал эми дабышка карата айтылганы метафора жолу менен кийин келип чыкканы деп болжолдоого болот. Ачы этишине сын атооч жасоочу -г мүчөсү жалганып, байыркы кезде ачык сөзү жаралган (ДТС, 4). Ал формасы ачык түрүндө өзбек тилинде жана өзбектерге коңшулаш жашаган кыргыз говорлорунда дагы эле айтылат. Ал эми кыргыз адабий тилинде болсо аяккы үнсүз тыбышы үндүүгө айланышынан ачуу деген сын атооч келип чыккан.
этн. Кыз качып кеткенде кызды алган жак анын ата-энесинен кечирим суроо, алдынан өтүү, таанышуу максатында тийиштүү жол-жобосу менен келүү салты. Кыз барган айылдагы ичерман активисттерден беш-алтоо ачуу басарга жетип келишет экен («Чалкан»). Турсун куда ачуу басарына бир тай, бир кой, эки миң сом акча, эки ящик алып келет («Советтик Кыргызстан»).
этн. Кызды ата-энесинин макулдугусуз ала качып кеткенде кызды алган жак анын ата-энесинен кечирим суроо, алдынан өтүү, таанышуу максатында тийиштүү жол-жобосу менен келүү салты. Кыз барган айылдагы ичерман активисттерден беш-алтоо ачуу басарга жетип келишет экен («Чалкан»). Турсун куда ачуу басарына бир тай, бир кой, эки миң сом акча, эки ящик алып келет.
Өзүн-өзү кармай албай, токтоно албай жеңилип кетүү, сабырдуулук кыла албоо. Өкүмсүнгөн неменин ачууга алдырып тарс жарылганына, чабалдыгын билдирип үстөлдү сындыра муштаганына табам канды (Жигитов). В.: Ачууга жеңдирүү. Ачууга жеңдирип, ушундай жерди таштап кетип бараткандыгы үчүн, эс алуусун өксүткөндүгү үчүн ал өкүнүч сезимине кабылды(«Ала-Тоо»). Антүүгө жарабайт, паңсат аке. Сиз ачууга жеңдирип жатасыз (Касымбеков).
к. АЧУУГА АЛДЫРУУ Ачууга жеңдирип, ушундай жерди таштап кетип бараткандыгы үчүн, эс алуусун өксүткөндүгү үчүн ал өкүнүч сезимине кабылды («Ала-Тоо»), -Антүүгө жарабайт, паңсат аке. Сиз ачууга жеңдирип жатасыз (Касымбеков).
Өтө жан кейиткен кайгы-муңдан, азаптан чыккан жаш. Өткөн-кеткенди көз алдыга келтирген Батийнанын негедир ачуу жашы кылгырат (Сыдыкбеков). Эрксизден ачуу жашы чертиле түшкөн сайын Батийна ээн жолдо өзүнүн жападан жалгыз жол тартып келе жатканын бая эле унутуп салган (Сыдыкбеков).
1. Ачуусун келтирүү, кыжырлануу, каардануу. Анда Жакып кеп айтат, Ачууланып бек айтат («Манас»). 2. Урушуп коюу, тилдөө. Иниңе ачууланып койбосоң, сөзүбүзду уккудай эмес («Чалкан»). Баласынын тентектигине чоң атасы ачууланып үйгө түшпөй койду («Ала-Тоо»).
1. испытывать неприятное ощущение при излишнем употреблении кислого или горького; не любить кислое или горькое; жаш бала кымызды, ачуурканып, ичпейт маленький ребёнок не пьёт кумыса, потому что не любит его кислого вкуса; 2. чувствовать жгучую боль; Арчатору буудан да, ачуурканып камчыга, арышын катуу керди эми фольк. и скакун Арчатору, почувствовав боль от плети, поскакал быстрей.
Каарданып, түктөйүп өңү бузулуу. Аны көрөр замат кабагы карыш салынып, ачуусу бетине чыкты (Жигитов). – Болду! – деп Даадый какпаса, ачуусу бетине чыгып, кан-сөлү кеткен Зуураке сүйлөнө бермек (Егиналиев).
Каарданып, түктөйүп өңү бузулуу. Аны көрөр замат кабагы карыш салынып, ачуусу бетине чыкты (Жигитов). -Болду! - деп Даадый какпаса, ачуусу бетине чыгып, кан-сөлү кеткен Зуураке сүйлөнө бермек (Егиналиев).
Аябай жинденүү, өтө катуу ачуулануу. Кантсе да эттери ооруксунуп, ачуулары кайнап, чындап буулугушту (Бейшеналиев). В.: Ачуусу шакардай кайноо. Шакардай кайнап чыккан эмелеки ачуусун жаңы келининен ыйбаа кылуусу токтотуп турду (Абакиров).
Ачуусу чукул, бат ачууланма, болор-болбоско териге түшмө. Болор-болбоско кыжырланып, ачуусу мурдунун учуна тез чыгып, чыргоолоно баштады (Жигитов). Анын ачуусу мурдунун учунда эле («Ала-Тоо»).
Ачуусу чукул, бат ачууланма, болор-болбоско териге түшмө. Болор-болбоско кыжырланып, ачуусу мурдунун учуна тез чыгып, чыргоолоно баштады (Жигитов). Анын ачуусу мурдунун учунда эле («Ала-Тоо»).