ачуу
Толковый словарь кыргызского языка (1969)I зат. Каар, кыжыры кайнап каардангандык. Ачууну акыл жеңет (макал). Ачуу — душман, акыл — дос, акылыңа акыл кош (макал).
АЧУУ II сын. 1. Даам сезүү органдарын дүүлүктүрүп, тызылдатуучу даам, таттуунун карама-каршысы.
2. Кулакка жагымсыз, катуу чыккан (үнгө карата). Бүбүш эне чый-пыйы чыгып, ачуу үнү менен эки-үч кыйкырып жиберди (Таштемиров).
♦ Ачуу-таттуунун даамын татуу — турмушта жакшылык-жамандыкты көрүү.
АЧУУ III ачы этишинин кыймыл атоочу.