АЧУУ
Краткий этимологический словарь кыргызского языкаБул сөз азыр абдан өткүр даамга жана абдан катуу чыккан дабышка карата айтылат. Ал маанилеринин кайсынысы алгачкысы экенин кесе айтуу кыйын. Ошондой болсо да алардын даамга карата айтылганы алгачкысы, ал эми дабышка карата айтылганы метафора жолу менен кийин келип чыкканы деп болжолдоого болот. Ачы этишине сын атооч жасоочу -г мүчөсү жалганып, байыркы кезде ачык сөзү жаралган (ДТС, 4). Ал формасы ачык түрүндө өзбек тилинде жана өзбектерге коңшулаш жашаган кыргыз говорлорунда дагы эле айтылат. Ал эми кыргыз адабий тилинде болсо аяккы үнсүз тыбышы үндүүгө айланышынан ачуу деген сын атооч келип чыккан.