Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Абдан катуу, сүрдүү, айбаттуу чыккан ачуу үн, кулак-мээни жарган ызы-чуу. Ач айкыырык, куу сүрөөн, Атса мылтык өтпөгөн («Манас»). Асмандан түшкөн эмедей, Ач кыйкырык, куу сүрөөн, Алмамбеттей Күлчоро, Айкырыкты салды дейт («Манас»).