Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Ачыткынын жардамы менен ачкыл болуу, көбүрүү (бозо, жарма, кымызга карата); көбүү (камырга ж. б. карата). Ачыбаган камырдай мисирейген жигит жигитпи? (Токомбаев). Жайлоо эмес, жаз экен, Ачыган кымыз аз экен («Манас»). Чала ачыган бозодон Ачымал жакшы ун чалган (Осмонкул). 2. Боор ооруу, күйүү. Жаның ачыса, ордуна өзүң барып отуруп бербейсиңби (Макенбаев).