Киргизско-русский словарь Юдахина
ачык I
1. открытый;
эшик ачык дверь открыта;
2. перен. ясный;
күн ачык день ясный, погода ясная;
ачык айт- или айкын-ачык айт- говорить прямо, говорить ясно, определённо;
өз позициясын айкын-ачык баяндаган свою позицию он изложил ясно;
3. (в сочет. со словами, обозначающими яркий цвет) светлый;
ачык кызыл ярко-красный;
ачык-көк ярко-синий;
ачык ооз болтливый;
ачык ооздук болтливость;
көзү ачык киши прозорливец, ясновидец;
ачык жигит чистосердечный, бесхитростный парень, рубаха-парень;
кабагы ачык см. кабак I.
ачык II
южн.
то же, что ачуу I;
ачык от название травянистого растения.
ачык- III
проголодаться;
аш кадырын ачыккан билет погов. ценность пищи познаёт проголодавшийся;
ар мүнөзү Жолойдун ачыккан көк жал бөрүдөй фольк. по нраву (богатырь) Джолой подобен голодному сивогривому волку.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I сын. 1. Жабык эмес, жабылбаган. Кызыл үйдүн эшиги ачык экен (Сыдыкбеков).
  1. 2.                  Айланасында эч нерсе жок, бош, ээн. Ат баккандар аттарын короодогу ачык жерге чыгарыптыр (Убукеев).
  2. 3.                  Жашыруун эмес. Ачык добуш берүү. Ачык нааразылык көрсөтүп чыгуу.
  3. 4.                  Каалоочулардын баары катыша турган. Партиянын ачык чогулушу.
  4. 5.                  Булутсуз, эч булут жок. Асман саратан жайдагы Соң-Көлдүн түзүндөй мелтиреп тунук, ачык (Бейшеналиев).
  5. 6.                  Даана, айкын. Коңгуроодой ачык үнүн чыгарып бирдемелерди айтып калат (Сыдыкбеков).
  6. 7.                  Уялчаак эмес, айтар оюн шар айткан, ичинде сактабаган. Адылачык мүнөздүү.. салмактуу жигит (Сыдыкбеков).

Айдан ачыкк. ай I. Кабагы же көңүлү ачык — көңүлү көтөрүңкү, шат, көңүлдүү. Ачык-айрым — оюн ачык айткан, сыр сактабаган, жайдары. Ачык ооз — аркы-беркини көп байкабаган, аңкоо, элегей. Колу ачык — берешен, март, жоомарт, эч нерсени аябаган. Көзү ачык — 1) диний түшүнүк боюнча: ар кандай жин, шайтанды ж. б. көрө билген. Мазардын ээлери көзү ачык бакшыларга көрүнөт (Аалы); 2) көптү билген, келечекти көрө билген, ар нерседен кабары бар. «Кум бириксе таш болот, кул бириксе баш болот,дечү экен көзү ачык бабаларыбыз (Аалы). Көзү ачык кетүүк. көз. Маңдайы ачык же ачык жүздүү — жайдары, пешенелүү; көңүлү куунак.
АЧЫК II ачуу II менен бирдей.
АЧЫК III этиш. Курсагы ачуу. Манас сага келгени, Арык элек семирдик, Ачыккан элек, тоюндук («Манас»).

Орфографический словарь кыргызского языка (Карасаев)
ачык (даана, айкын)
ачык айтып, ак сүйлөө
ачык ачкыч (комп.)
ачык-айкын
ачык-айрым
ачык-жарык
ачык жашыл
ачык жүздүү
ачык кол (колу ачык)
ачык көк
ачык кызыл
ачык муун тил.
ачык ооз
ачык ооздук
ачык сабак (пед.)
ачык системалар
ачык теориясы
ачык үндүүлөр
ачык шаар (ук.)

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Жабык эмес, жабылбаган, бекитилбеген. Кызыл үйдүн эшиги ачык экен (Сыдыкбеков). Ороонун оозу ачык бойдон калган («Ала-Тоо»). 2. Айланасы тосулбаган, ээн, бош. Биздин эл көчүп келип, кыштоодон алыскы ачыктарга коно башташты (Жантөшев). Боз тикендүү ачык талаа (Турусбеков). Ат баккандар аттарын короодогу ачык жерге чыгарыптыр (Убукеев). 3. Тартынбаган шар, уялчаак эмес, оюн жашырбай шар айткан. Ачык жигит. Түшүнбөйм мен силерге эмки балдар, Кандайдыр бир башкача ачыксыңар (Осмонов). 4. Жаан-чачыны жок, бүркөк эмес. Күн ачык, булут жок. Асман мелтиреп тунук (Бейшеналиев). 5. Даана, айкын, каргылданбаган (үнгө карата), күңүрт эмес (өңгө, түскө карата). Коңгуроодой ачык үнүн чыгарып, бирдемелерди айтып жатат (Сыдыкбеков). Ачык кызыл боёк менен боёлгонсуп, талаа кызгалдакка көрктөнөт(«Ала-Тоо»). Ачык көк сырдын өңүндөй («Чалкан»). 6. Жашыруун эмес, элдин, көпчүлүктүн алдында, көрүнөө. Ачык добуш берүү. Ачык кат. Ачык сүйлөшүү. Ачык иштөө. Эркин эч кандай чектөөсү жок, башкалар да катыша берүүгө боло турган. Жамааттык ачык чогулуш. Ачык сабак.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Курсагы ачуу, тамак-аштан кемчил болуу, кыйноо тартуу. Арык элек – семирдик, Ачыккан элек – тоюндук («Манас»). Ким билет ачыгып жортуулдап жүргөн бир жырткыч чыгар, кол салышы мүмкүн (Баялинов). Келген аялда ачыккан адамдын түсү бар (Элебаев).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
АЧЫК АБА МЕЙКИНДИГИ – деңиз менен чектеш жаткан мамлекеттердин деңиз аймагынын чегинен сырткары жайгашып, бир дагы өлкөнүн аймагына кирбей турган жер атмосферасынын бир бөлүгү. 1958-жылкы Ачык деңиз тууралуу Женева келишиминин 2-статьясына жана 1982-жылкы деңиз укугу боюнча БУУ Конвенсиясынын 87-статьясынын 1-b-п. ылайык, (же эларалык ачык аба мейкиндиги) А. а. м-де баардык өлкөлөрдүн учактары эркин учуп жүрө алат.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
АЧЫК-АЙКЫН КОНКУРС – жолжобосу аны ачууда жана шарттарын жарыялоодо катышуучуларынын болуусун, ошондой эле конкурстун негизги жыйынтыктарын басма сөздө ачык жарыялоону талап кылган конкурс.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Оюндагысын ачык, шар айткан, түнт эмес, жайдары. Ачык-айрым жигиттин Кылган иши шар болот(Осмонкул). Өмүрлүккө сайрандайсың, күлөсүң, Ачык-айрым тамашакөй мүнөзүң (Элебаев). Ачык-айрымдыгы түштүктүн аялдарына окшобойт (Жантөшев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Чынын, туурасын айтуу, болгонун болгондой баяндоо. Азамат болсоң боз балдар, Ачык айтып, ак сүйлө (Токтогул). – Кана, молдоке, ачык айтып, ак сүйлөңүз (Бейшеналиев). Эми ачык айтып ак сүйлөңүз, селки деп мени жерисең өз эркиң, бирок ырчы деп жерий албайсың (Айтматов). Ачык айтып, ак сүйлө, жеңе, абысының ымалага келгидейби? (Бердикеев). Ачык айтып, ак сүйлөп, Айтчы, сынчым, кебиңден («Эр Табылды»).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Чынын, туурасын айтуу, болгонун болгондой баяндоо. Азамат болсоң боз балдар, Ачык айтып, ак сүйлө (Токтогул). -Кана, молдоке, ачык айтып, ак сүйлөңүз (Бейшеналиев). 2. Кандайдыр бир жакшылык кабар, сүйүнтө турган кеп угууну үмүт кылып, кимдир бирөөгө кайрылууда колдонулат. Эми ачык айтып ак сүйлөнүз, селки мени жерисең өз эркиң, бирок ырчы деп жерий албайсың (Айтматов). Ачык айтып, ак сүйлө, жеңе, абысының ымалага келгидейби? (Бердикеев).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
АЧЫК АКЦИОНЕРДИК КООМ – акционердик коомдун катышуучулары өздөрүнө таандык акцияларын коомдун башка акционерлеринин макулдугусуз эле ажыратып алууга укуктуу болгон акционердик коом. Мындай акционердик коом өзү чыгарган акцияларга ачык жазылуу жүргүзүүгө жана аларды мыйзамда белгиленген шарттарда эркин сатууга укуктуу.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
АЧЫК БАЗАР АТКАРЫМДАРЫ – банктардын акча-кредит саясатынын негизги аспаптарынын (усулдарынын) бири. Казыналык векселдерди, мамлекеттик облигацияларды жана башка баалуу кагаздарды сатып алуу-сатуу, баалуу кагаздар менен кыска мөөнөттүү аткарымдарды жүргүзүү. КРде бул аткарымдар КРУБ тарабынан жүргүзүлөт.

Кыргызско-русский словарь банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Открытая валютная позиция (Open currency position) —Неравенство активов и обязательств в соответствующих валютах на определенную дату. Открытая валютная позиция может быть короткой и длинной. Короткая валютная позиция представляет собой превышение обязательств над требованиями в соответствующих валютах на определенную дату, а длинная валютная позиция –превышение требований над обязательствами в соответствующих валютах на определенную дату.  

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
АЧЫК ДЕҢИЗ – аймактык деңиз чегинен сырткары жайгашкан жана баардык өлкөлөрдүн экономикалык тилкеси гана болуп саналган дүйнөлүк океандын бир бөлүгү. 1958-жылкы Ачык деңиз тууралуу Женева Конвенциясынын 2-статьясына ылайык, А. д. баардык өлкөлөр үчүн эркиндик принцип боюнча ачык.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
АЧЫК КОНКУРС – аткарууга жумуш, тапшырык ж. б. алууну каалоочулардын баары тең катыша алган юридикалык жана жеке жактар – ишкердик субъекттери жана алардын конкурска катышуу үчүн атайын түзүлгөн өз ыктыярдуу максаттуу бирикмелери (консорциум ) катыша алган конкурс. Эреже катары, А. к-тун жеңүүчүсүн тандоо катышуучулар жок учурда жүргүзүлөт.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
АЧЫК КРЕДИТ – туруктуу контрагенттер ортосундагы эсеп-кысапта колдонулуучу коммерциялык кредит; карыз өлчөмү вексели жол-жоболоштурулбаган сатуучуга кириштелет; жоюу тартиби контрагенттер арасында макулдашылат.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Аркы-беркини байкабаган аңкоо, элегей. 2. Ичине сөз турбаган, оозу бош, сөз жашыра албаган. Анан эмнегедир ушул ачык ооз, орой, жек көрүндү адамдар байкемди араларына кошуп алганына ичим күйөт (Жусупов). Ачык ооз жигит көрүнөт, бажылдап эле сүйлөй берет экен (Бердикеев). Акиш, сен ачык ооз элең, «бээ сойдук» деп эч кимге айтпа («Кыргызстан маданияты»). В.: Оозу ачык. Оозу ачыктардын бири мен, сиз мени абайлаңыз («Кыргызстан маданияты»). – Оозу ачыктын бири мен эмесмин, – деди Надя (Байтемиров). Оозу бош. Оозу бош немеге балдарды кантип «кой дешке» эрки жетет? Өзүңүз ойлоңузчу.

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Укканын ичине сактап тура албаган, билген-көргөнүн айта берген бош ооз. Анан эмнегедир ушул ачык ооз, орой, жек көрүндү адамдар байкемди араларына кошуп алганына ичим күйөт (Жусупов). Ачык ооз жигит көрүнөт, бажылдап эле сүйлөй берет экен (Бердикеев). Акиш, сен ачык ооз элең, «бээ сойдук» деп эч кимге айтпа («Кыргызстан маданияты»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Ичине эч нерсе сактап тура албагандык, уккан-билгенин айта бергендик. Ай ушунун ачык ооздугу түпкө жетмек болду го! – деп чал кейий баштады («Ала-Тоо»). Андай ачык ооздук Акбилек айымдан болбосо, башкаларыбыз кулпулаган таш эмеспизби, – деди Жутаке миң башы (Жантөшев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Ичине эч нерсе сактап тура албагандык, уккан-билгенин айта бергендик. Ай ушунун ачык ооздугу түпкө жетмек болду го! - деп чал кейий баштады («Ала-Тоо»). Андай ачык ооздук Акбилек айымдан болбосо, башкаларыбыз кулпулаган таш эмеспизби, - деди Жутаке миң башы (Жантөшев).

Кыргызско-русский словарь банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Операции на открытом рынке (Open market Operations) —Инструмент денежно-кредитной политики, используемый для регулирования ликвидности банковской системы путем покупки-продажи государственных ценных бумаг. Проводятся по инициативе центрального банка.  

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
АЧЫК ЧЕЧМЕЛӨӨ – ченемдикти чечмелөөнүн бир түрү (аутентикалык менен бир катар); мыйзамдык мүнөзгө ээ болот жана ал тапшырылган же улуксат берилген субъекттер тарабынан ишке ашырылат. Алсак, КР Жогорку сотту мыйзам чыгаруучу орган болуп эсептелбесе да, ченемдик актыларды, а. и. мыйзамдарды (КР Жогорку сотунун Пленумунун түшүндүрмөлөрдү кабыл алуу укугу) чечмелөө укугуна ээ.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
АЧЫК ЭСЕП – сатып алуучунун атына ачылган дебет эсепке карыз өлчөмүн киргизүү менен, сатуучу өз товарын жөнөтүп жибере турган жана анын дареги боюнча товар тескөөчү документтерин салып жибере турган кредиттик-эсеп мамилелеринин бир таризи. Келишимде каралган мөөнөт аралыгында же товар топтомун жөнөткөндөн кийинки белгилүү бир мөөнөт ичинде сатып алуучу карыздарынан бөлүк-бөлүгү боюнча жоюп турат.