Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I сын. 1. Жабык эмес, жабылбаган. Кызыл үйдүн эшиги ачык экен (Сыдыкбеков).
  1. 2.                  Айланасында эч нерсе жок, бош, ээн. Ат баккандар аттарын короодогу ачык жерге чыгарыптыр (Убукеев).
  2. 3.                  Жашыруун эмес. Ачык добуш берүү. Ачык нааразылык көрсөтүп чыгуу.
  3. 4.                  Каалоочулардын баары катыша турган. Партиянын ачык чогулушу.
  4. 5.                  Булутсуз, эч булут жок. Асман саратан жайдагы Соң-Көлдүн түзүндөй мелтиреп тунук, ачык (Бейшеналиев).
  5. 6.                  Даана, айкын. Коңгуроодой ачык үнүн чыгарып бирдемелерди айтып калат (Сыдыкбеков).
  6. 7.                  Уялчаак эмес, айтар оюн шар айткан, ичинде сактабаган. Адылачык мүнөздүү.. салмактуу жигит (Сыдыкбеков).

Айдан ачыкк. ай I. Кабагы же көңүлү ачык — көңүлү көтөрүңкү, шат, көңүлдүү. Ачык-айрым — оюн ачык айткан, сыр сактабаган, жайдары. Ачык ооз — аркы-беркини көп байкабаган, аңкоо, элегей. Колу ачык — берешен, март, жоомарт, эч нерсени аябаган. Көзү ачык — 1) диний түшүнүк боюнча: ар кандай жин, шайтанды ж. б. көрө билген. Мазардын ээлери көзү ачык бакшыларга көрүнөт (Аалы); 2) көптү билген, келечекти көрө билген, ар нерседен кабары бар. «Кум бириксе таш болот, кул бириксе баш болот,дечү экен көзү ачык бабаларыбыз (Аалы). Көзү ачык кетүүк. көз. Маңдайы ачык же ачык жүздүү — жайдары, пешенелүү; көңүлү куунак.
АЧЫК II ачуу II менен бирдей.
АЧЫК III этиш. Курсагы ачуу. Манас сага келгени, Арык элек семирдик, Ачыккан элек, тоюндук («Манас»).