Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Аркы-беркини байкабаган аңкоо, элегей. 2. Ичине сөз турбаган, оозу бош, сөз жашыра албаган. Анан эмнегедир ушул ачык ооз, орой, жек көрүндү адамдар байкемди араларына кошуп алганына ичим күйөт (Жусупов). Ачык ооз жигит көрүнөт, бажылдап эле сүйлөй берет экен (Бердикеев). Акиш, сен ачык ооз элең, «бээ сойдук» деп эч кимге айтпа («Кыргызстан маданияты»). В.: Оозу ачык. Оозу ачыктардын бири мен, сиз мени абайлаңыз («Кыргызстан маданияты»). – Оозу ачыктын бири мен эмесмин, – деди Надя (Байтемиров). Оозу бош. Оозу бош немеге балдарды кантип «кой дешке» эрки жетет? Өзүңүз ойлоңузчу.