Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
АЧЫК-АЙКЫН КОНКУРС – жолжобосу аны ачууда жана шарттарын жарыялоодо катышуучуларынын болуусун, ошондой эле конкурстун негизги жыйынтыктарын басма сөздө ачык жарыялоону талап кылган конкурс.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Оюндагысын ачык, шар айткан, түнт эмес, жайдары. Ачык-айрым жигиттин Кылган иши шар болот(Осмонкул). Өмүрлүккө сайрандайсың, күлөсүң, Ачык-айрым тамашакөй мүнөзүң (Элебаев). Ачык-айрымдыгы түштүктүн аялдарына окшобойт (Жантөшев).