Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Абдан катуу, сүрдүү, айбаттуу чыккан ачуу үн, кулак-мээни жарган үн, кулак-мээни жарган ызы-чуу. Ач айкырык куу сүрөөн, Атса мылтык өтпөгөн («Манас»). Асмандан түшкөн эмедей, Ач кыйкырык, куу сүрөөн, Алмамбеттей Күлчоро, Айкырыкты салды дейт («Манас»). В.: Ач айкырык. Мындан ары чыдоого мүмкүн эместигин түшүнүп, ач айкырык салып, кырчылдаша талап койду (Бейшеналиев). Аалам чаап дуу болуп, Ач айкырык чуу болуп («Олжобай менен Кишимжан»). Жети асаба туу алып, Жеткен жердин баарына, Ач айкырык чуу салып («Манас»). Адамдын чынбы, же калппы деген эки ача ою ач кыйкырыкты чыгарбай торгоп турду (Жусупов). Адамдар да Темирге окшоп алга сойлошту: ач кыйкырык, чаң, түтүн уюду (Жусупов).