АЧ КӨЗ
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Сугалак, дүнүйөкор, нысапсыз, көзү тойбогон, бир нерсеге көз артканын койбогон. Ач көз атасын аябай дал келтире кордоп, өчүмдү алып бердиң (Бейшеналиев). Менин колумдан келсе, мына бу дүнүйөкор, ач көздөн бечара дунганды бошотуп алууга даяр элем (Элебаев). Эч нерсеге тойбогон ач көз мына, Чокко түшкөн чычкандай куйкаланган (Т. Үмөталиев).