Энциклопедия "Манас". ч.1.
АЧ-БЕЛ, Күмсаранын Ач-Бели — топоним. Бээжинге Чоң казат менен бараткан кол басып өткөн жерлердин бири (Сагымбай Орозбаков, 4. 143).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
АЧ-МАРАЛ — топоним. «Каныкейдин жомогунда»:
Калың кытай козголуп,
Иле бойлоп жол жүрүп,
Ач-Маралды басканда,
Төрт түлүктү чачканда (Саякбай Каралаев, «Семетей», 1. 181)
делип Чубак Манаска тарынып өз жерине кетип калганын уккан Коңурбай Манасты капыстан чаап алмак болуп Таласка келе жатканда басып өткөн жерлердин бири.