ачкыч
Толковый словарь кыргызского языка (1969)зат. 1. Кулпуну ачып-жабуу үчүн колдонулуучу металлдан жасалган тетик. [Батыш].. ачкычын таба албай убара болду (Байтемиров).
- 2. Гайканы же башка бир тетикти ачуу, буроо үчүн ылайыкталып жасалган аспап.
- 3. өт. Белгилүү бир нерсени түшүнүүгө, сырын ачууга жардам берүүчү жол, ык. Турмуштун ачкычы адамдын өз колунда тура (Сыдыкбеков). Мына, таалай ачкычын колго алат деген ушул (Сыдыкбеков).