АЧ БЕЛ, КУУ ЖОН
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Эч айла табылбаган катаал шарт, жер шартынын катаалдыгы, кыйынчылык, азап-тозок. Башың баш, багалчагың кара таш! Ач бел, куу жондо өл! (Айтматов). Ажың кабылдабай эрме чөлдө сөөгүң сөпөт, ач бел, куу жондо калсаң эмне! (Бейшеналиев). Тукумуңду жерибе, ач бел, куу жонго таштаба, агыны катуу суудан сакта, ниети бузук жоодон сакта (Айтматов).