АЧБУУДАН
Энциклопедия "Манас". ч.1.АЧБУУДАН — Жолойдун жоого минген аты жана байгеге чапкан күлүгү. Негизги варианттардын бардыгында айтылат. А. Жолойдун эрдик иш-аракеттерин идеялдаштырууда ажырагыс бирдикте сүрөттөлөт. Айрым варианттарда А-дын байыркы образына таандык магиялык жана жомоктук-фантастикалык элементтер сакталган эмес. Негизинен күлүктүк сапаттары (арыбастыгы, күлүктүгү, күч-кубаттуулугу жана башкалар) гиперболалык ыкмада сыпатталат. А-дын ар түрдүү жагдайларда (каарман минип баратканда, душман менен бетме-бет кармашып жаткан учурда, душманды кууп же андан качып бара жатканда, күлүккө чапкан мезгилде жана башкалар) мүнөздөлүшү менен анын жеке өзүнө таандык касиеттери көрүнөт. Анын жекече сапаты «Көкөтөйдүн ашында» өткөрүлгөн ат чабышта элестүү ачылат.

Б. Жумабаев. Ачбуудан (Жолойдун аты).
А. белгилүү күлүктүн бири катары чубатуудан өткөрүү мезгилинде жана баш байгелүү орундардын бирине ээ болушуна учкаяктыгы, арыбастыгы өтө чебер, жогорку көркөмдүктө сүрөттөлөт.

Б. Жумабаев. Ачбуудан (Жолойдун аты).
А. белгилүү күлүктүн бири катары чубатуудан өткөрүү мезгилинде жана баш байгелүү орундардын бирине ээ болушуна учкаяктыгы, арыбастыгы өтө чебер, жогорку көркөмдүктө сүрөттөлөт.