АЧ КӨЗДҮК
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Нысабы жоктук, сараңдык, дүнүйөкорлук, сугалактык. Алар акчанын, ач көздүктүн кулу, жылдан жылга кымыздын баасын өйдөлөтүшкөнү аз келгенсип, адамдын ден соолугуна зыяндуу көбүрмө-жабырма заттарды кошуп ийүүдөн да тартынышпайт («Советтик Кыргызстан»). Куттуу жерин тытып-тоноп, Гитлердин ач көздүгү ашынды (Өмүрбаев). Ал жөн эле турган жок, айланасына ач көздүк менен көз жүгүртүп турат (Жантөшев).