1. собака (общее название); уятты кайдан ит билет! (о бессовестном человеке) где уже собаке знать стыд!; айтканымды иттин үргөнүнчөлүк көрбөдү на мои слова он не обратил никакого внимаиия (букв. Сказанное мною он не воспринял даже как собачий лай); эшикте үрүп чыккан ити жок никакой животины нет у него (букв. во дворе у него нет лающей собаки); ит бир күн бок жебесе, башы ооруйт погов.груб. (о пакостнике) если собака день не поест дерьма, у неё голова болит; үйү жакын иттин куйругу узун (или чагарак) погов. дома и стены помогают (букв. у собаки, дом которой близко, хвост длинный или кольцом; см.чагарак); итчесинен как собака, по-собачьи; 2. год собаки (см.жыл I 2); 3. перен. бран. свинья; ит тартыш этн. состязание в силе, состоящее в перетягивании друг друга верёвкой (двое на некотором расстоянии садятся спиной друг к другу, захлестнув верёвку на грудь, и тянут, каждый в свою сторону); ит жыгылыш борьба с переменным успехом (то один падает, то другой); ит урушу бой или драка рывками (когда стороны то сходятся, то расходятся, но не смешиваются); бул сөзүңдү ит уксун, ит укпаса ким уксун! фольк. не тебе бы говорить, да не мне бы слушать (букв. эти слова твои пусть пёс слушает, если не пёс, так кто же будет слушать!); иттин кара капталынан до чёрта, хоть отбавляй; акчасы - иттин кара капталынан у него денег куры не клюют; ит терисинен жек көрөм ненавижу всеми фибрами души (букв. отношусь хуже, чем к собачьей шкуре); ал экөөбүз - сен ит, мен итке келишип калдык мы с ним здорово поцапались (поругались); сен ит, мен итке барышып дойдя до грубых взаимных оскорблений; "сен ит, мен итти" коюңарчы! бросьте вы собачиться! (оскорблять друг друга, переругиваться); иттин баласы бран. сукин сын; ит жандуу живучий (букв. с собачьей душой); ит өлгөн жерге чейин сени менен бирге барам я до конца с тобой, я с тобой до последнего издыхания; ит өлүк кыл- осрамить, опозорить; ит жалатмай "собачье лакание" (детская забава: налив в мелкую тарелку немного жидкой пищи или воды, заставляют лакать); итке минип качышты они бежали пешими и без какого-либо имущества; итке мингендер ирон. голь перекатная; итке мингиз- разорить, довести до нищеты; ободрать как липку (напр. обыграть в азартную игру); ит жегир! (о пище, питье) пусть тебя собака (а не я) ест или пьёт!; ит жегирдин көмөчү! чтоб ей, этой лепёшке! (её есть невозможно); ит ичкирдин тамагы! да разве это пища!; ит ичкир! презр. (о спиртном напитке) пусть собака пьёт!; иттин уулу Байкарага деле берет дают кому следует и кому не следует; дают кому попало, бери сколько хочешь; ит кубар киши легкомысленный, непостоянный человек; муну мен сокур ит бок жалагыча иштеп саламын груб. я это в два счёта сделаю; иттин мурду өткүс (о лесе, зарослях) непроходимый, дремучий; оозунан ак ит кирип, кара ит чыкты он изругал, разнёс на все корки; ит-куш волки; "ит-куш" деп, кыргыз бөрүнү айтат киргизы "ит-куш" называют волка; ит-куш да, бөрү да - карышкырдын аты и ит-куш, и бөрү - названия волка; ит-куштан мал аманбы? нет ли урона от волков? тоодо нт-куш көп, койлорун кырдырып коёт в горах много волков, они (пастухи) стравят овец; ит арка раздоры, разлад; ит балдак способ плавания; иттин мурдунан түшкөндөй как с цепи сорвался (букв. как из собачьего носа вывалился); ит мурун или южн. ит мурут шиповник; ит болдум! ит болдум! шуточное подражание крику перепела (соотв. рус. "спать пора!" или "пить пойдём!"); ит оорусу см.оору I; иттин этин жегизип см.жегиз-; ит аяк см.аяк II; ит балык см.балык; ит чабак см.чабак; ит сийгек см.сийгек.
зат. 1. Сүт эмүүчүлөрдүн тукумуна кирүүчү үй айбандарынын бири. Үй турмушунда ит сакчылык, короочулук милдетти аткарат (Сыдыкбеков). Короочу иттердин анда-санда үргөнү болбосо, түн тынчтыкта (Каимов).
2. Мүчөлдүн он биринчи жылынын аты.
3. Жаман көргөндүгүн билдиргенде, тилдегенде колдонулуучу сөз. Култебер ит уялбай, Жалынып жашы төгүлдү («Мендирман»).
¨ Итмурун — карагандын бир түрү. Иттартыш — аркан тартышмай, аркан тартышкан оюн. Итарка — ынтымаксыз, ыркы жок. [Таякем] кечээ биздикине келип кетти: «Активдерибиз ит арка», — дейт (Сыдыкбеков). Иткеминипкалуу — бардыгынан ажырап калуу, абдан жарды, томаяк болуп калуу. Итбалдак — чабак уруунун сууда, сүзүүнүн бир түрү. Итаякк. аякII. Итжыгылыш — даана жыкпай, улам бир-бирин жыгуу; ким жыгылгандыгы ачык болбой калгандык.
Башка үй жаныбарларынан ит өзүнүн жытчылдыгы менен айырмаланат. Ушул өзгөчөлүгү иттин атын билдирген сөздүн өзүндө чагылдырылган. А. М. Щербак азыркы ит сөзүнүн праформасы ийт// ыйт түрүндө болгон деп эсептейт (Щербак, 1970, 194). Алгачкы ыйт түрү азыркы казак тилинде сакталган, анда ит болуп жазылган сөз ыйт болуп айтылат. Чуваш тилинде, йыта же йыт болуп айтылган сөз кыргызча ит сөзүнө туура келет. Ошондуктан алгачкы йыт сөзү йыт>ыт>ит болуп өзгөрүп, азыркы кыргыз тилиндеги сөз жаралган.
1. Адамдар үй, короо кайтартуу үчүн, мергенчиликке алып чыгуу үчүн ж. б. максаттарда пайдалануучу карышкырлар тукумуна кирүүчү үй айбаны. Баш көтөрүп ит үрбөйт, Калгандай жини кагылып (Жантөшев). Короочу иттердин анда-санда үргөнү болбосо, түн тынчтыкта (Каимов). Ит агытып, куш салган, Сөөлөттү мага ким койду (Бөкөнбаев). 2. Мүчөлдүн он биринчи жылынын аты. 3. Жаман көргөндүгүн, жамандыгын билдиргенде, тилдегенде, жекиргенде ж. б. колдонулат. Жок экен аба, жок экен, Акыл иттин намысы (Жантөшев). Жаман менен жакшыга, Жалакор болсоң ит болдуң (Токтогул).
ИТААЛЫ — эпостун Сагымбай Орозбаковдун вариантында «Кошойдун окуялары» деген бөлүмдө И. жөнүндө өзүнчө эпизод айтылат. Бул окуянын кыскача мазмуну төмөндөгүдөй: Манастын чоролорунун бири — Жайнак өзүнүн башынан өткөргөн окуяларын баян кылганда И-нын элинде үч жыл жүргөнүн айтат. Жайнак кой кайтарып жүргөн И-га жолугат да, анын үйүнө барат. Анын аялы өтө сулуу экен. Дөбөт иттин буйругу менен козу союлуп, ага эт бышырып берет. Бирок өздөрү жебейт. Эртесинде көйнөк, өтүк кийгизет. Жайнак беш-алты күн туруп кетейин деген өтүнүчүнө дөбөт ит макул болот. Күнүгө бир үйү чакырып козу союп коноктойт. Жайнак бир — эки жыл силерге кызмат кылып, кой кайтарып берейин деп суранат. Дөбөт ит көпкө каңкылдап туруп: «Адамга жакшылык кылып баксаң, курсагы тойгондо кайра жамандык кылат» —дейт. Бир күнү көп иттер келип, баягы козу сойгон келин экөөнү эки жоргого мингизип түштүк тарапты көздөй ээрчитип жөнөйт. Эртесинде ак ордо үйгө келишет. Жер жайнаган иттер Жайнакты баягы ак ордого киргизет. Көп тайгандар тегеректеген чоң жолборс түрүндөгү бир ит бар экен. Ал И-лардын беги (каны) экен. Жайнак анын аялынын сулуулугун көрүп талып калат. Суу сээп жатып араң эс алдырышат. Ал зор дөбөт көк чүпүрөккө мөөр басып берет да, эми баргын деп уруксат кылат. Жайнак кайра келип баягы И-нын коюн үч жыл багат. Үч жылдан кийин баягы келин: «Адам уулун издеп таап алгын» — деп, Жайнакка ат мингизип түндүк тарапка жөнөтөт экен. Ошол И. элинен келе жатып жалгыз көздүү Адамдүк дөөгө жолугуп калып, анын туткунунда алты жарым жыл жаткан экен (Сагымбай Орозбаков, Кол жазмалар фондусу, 573-инв., 320-327-б.).
И. жөнүндөгү мифтик уламыш Азия элдеринде байыркы доордо эле пайда болуп кеңири чөйрөгө таралган уламыштардын бири экендигин белгилөөгө болот. Изилдөөчүлөр И. жөнүндөгү мифтик уламыш адегенде Индияда пайда болуп, улам Азиянын башка элдерине таралган деп эсептешет.
«Манас» эпосундагы И. жөнүндөгү окуянын түзүлүшүнө бул мифтик уламыштын кандай версиясы негиз болгондугун белгилөө үчүн ар түрдүү адабияттардагы маалыматтарды келтирип көрөлү. А. Фирдоусинин белгилүү «Шахнаме» дастанында сегсар (ит башы) деген эл, тагыраак айтканда Сегсаран (ит башы өлкөсү) деген жомоктук жердин аты эскерилет. Поэма боюнча Сегсаран деген жер элдик ишенимде Ирандын түндүгүндөгү Мазендеран (Каспий деңизинин түштүгүндөгү бийик тоо кыркасы) менен бирге дөө-перилердин өлкөсү катарында түшүндүрүлөт. Моңголдордун «Ганга — йин урусхал» («Ганганын агымы») аттуу жылнамасында Чынгызкан башка элдерди багынтуу менен бирге башы иттикиндей дене бою адам кебетесиндеги элди жеңгендиги тууралуу да маалымат айтылат. 13-кылымдын орто ченинде Борбор Азияга келишкен Европа саякатчылары Марко Поло менен Плано Карпини жазып кеткен маалыматтарда да И. жөнүндө уламыш бар. Мында ал элдин сырткы көрүнүшү адам кебетесинде болгону менен башы иттикиндей болуп, сүйлөшкөндө бир-эки ооз сөздү адамча сүйлөп, арасында итче үрүп айтчу, оюн эптеп түшүндүрөт имиш. П. Карпини Азиянын элдеринде айтылган укмуштуу мифтик жандыктар жөнүндөгү уламыштар боюнча алардын сүрөттөрүн да тарткан экен. Алардын ичинде И-нын да сүрөтү бар.
16-кылымдын башында жазылган өзбек акыны Мажлисинин «Киссаи Сайфулмулк» аттуу поэмасында итбоши (итбашы) жөнүндөгү окуя белгилүү орунду алат. Мажлиси бул поэмасына негиз кылып арабдын «Миң бир түн» деген чыгыш элдерине кеңири таралган жөө жомокторунун сюжетин пайдаланган. Ошондой эле элдик оозеки чыгармалардагы уламыштарды (И. жөнүндө да) да поэмага кайрадан иштеп киргизгендиги ачык байкалат. Себеби, Итбашы (И.) жөнүндөгү мифтик уламыш «Миң бир түн» жомогунда айтылбайт. Демек, бул итбашы тууралуу уламышты кийин өзү киргизгендиги даана эле көрүнүп турат. Мажлисинин бул поэмасы эл арасына кеңири таанымал болгондуктан кол жазма түрүндө да таралып башка түрк элдеринде (татар, казак, уйгур, түркмөн) да анын өзүнчө улуттук версиялары пайда болгон.
«Киссаи Сайфулмулк» поэмасы «Калк китептери» деген серия боюнча 1-жолу 1883-ж., 2-жолу 1898-ж. Казанда басылып чыккан. 1916-ж. кыскартылган түрдө Ташкенде басылган. Бирок, поэма ушул сыяктуу кеңири белгилүү болуп коңшу элдерге да таралгандыгына карабастан, кыргыздарда өзүнчө версиясы болгондугу белгисиз. Ошондой эле эпостогу И. жөнүндөгү окуянын мазмуну менен Мажлискийдин поэмасынын ортосунда жалпылык жок экендиги сезилет.
И. жөнүндөгү уламыштын бир версиясы алтайлыктардан жазылып алынган. Бул версияда И. моңгол тилиндеги аталышы боюнча «нохой артыны» («ит адамдар») деп аталат. Уламыш боюнча «нохой артыны» элинин аялдары өтө сулуу келип, кадыресе адам кебетесинде болот да, эркектеринин гана башы иттикиндей болот имиш. Арийне, алтайлыктардагы версиясы моңгол термини («нохой артыны») менен аталгандыктан, аны моңголдордон өздөштүрүлгөн деп эсептөөгө толук мүмкүн.
Мына ушул алтайлыктардан жазылган «нохой артыны» («ит адамдар») деген уламыштын мазмуну «Манас» эпосундагы «Итаалы жөнүндөгү окуя» менен бирдей, башкача айтканда генетикалык жагынан түздөн-түз байланышы бар деп айтууга болот. Эң негизгиси Нохой артыны менен И-нын жана алардын аялдарынын образдары (өтө сулуу) бир типте болушу түпкү чыгышы бир экендигин аныктап турат.
И. жөнүндөгү уламыш Түш. Сибирь менен Борб. Азияда жашаган түрк-моңгол элдеринде гана эмес, Орто Азия элдеринде (кыргыздар) да кеңири белгилүү болуп, өзүнчө версиясы таралгандыгы талашсыз. Ошондуктан Сагымбай Орозбаковдун вариантындагу И. жөнүндөгү окуянын түзүлүшүнө кыргыз элинин өзүндө эле айтылып жүргөн уламыш негиз болгондугун белгилөөгө болот. Бул уламышты жомоктук окуяга айландырып, ыр түрүндө иштеп чыгуу менен «Манаска» кошумчалап киргизүү Сагымбай Орозбак уулуна таандык.
Сагымбай Орозбаковдун вариантындагу И. жөнүндө өзүнчө эпизод айтылуу менен бирге бул эл Көкөтөйдүн ашында да эскерилет:
Эргежээли, Итаалы —
Катыны адам, эркеги ит.
Кабарын уктум мен аны
Аларга кабар салбасын (Сагымбай Орозбаков, 3. 14).
(итебар) очень, значительно, много; итабар кыйынчылыктар учурайт встречается много трудностей; эгин айдоо итабар жаман жүрүп жатат сев идёт очень плохо; итабар оокаттанып калышты они стали жить зажиточно; чөп менен өгин итабар көп болду трав и хлебных злаков очень много; жумушу итабар артта калды у него работа очень отстала; итабар жерден алып келди он привёз из довольно-таки далёких мест; итабар отун алып келиптир он принёс объёмистую вязанку топлива.
1. Бир топ, бир далай, бир кыйла, көп. Бул мезгилдин ичинде итабар өзгөрүүлөр болду («Ала-Тоо»). Жаргат менен Ит-Агач, Ара конуп жетесиң, Арасы алыс итабар (Токтогул). 2. Катуу, кыйын. Суук да итабар болуп турат (Байтемиров).
ИТ АГЫТЫП, КУШ САЛУУ — байыркы элдердин жашоо тиричилигинде азык-түлүк табуу максатында качырганын куткарбаган алгыр ит (тайган) жана атайын тапталган кыраан куштар менен аңчылык айбанаттарына ууга чыгуусу. Кыргыздар башка түрк уруулары сыяктуу илгертен эле мал чарбасы менен бирге аңчылыкты кесип кылып, азык-түлүктүн айрым түрүн аңчылыктан алган. Аң уулоо куралы колдонулушуна жараша атылма (жаа, мылтык жана башкалар) жана капкан, тор, тузак болуп бөлүнөт. Алгач жаа, кылтак, тузак, тор колдонулса, кийин аңчылыкта милте менен атылма мылтык, капкан көбүрөөк колдонула баштаган. Кыргыз элинде тузак, капкан салуу, мергенчилик, мүнүшкөрлүк кылуу, бүркүт салуу, тайган агытуу дагы ушундай сыяктуу кеңири таркап, ар бири өзүнчө жарым-жартылай кесип катары эсептелген. «Манас» жана «Жаныш-Байыш», «Эр Табылды» эпосторунда да И. а., к. с. өнөрү аңчылыктын өзүнчө түрү катары айтылат. Ошондой эле И. а., к. с. жөнүндөгү сюжет түрк-моңгол элдеринин эпосторунда байыркы доорлордон бери келаткан ардактуу салт катарында орун алышы мыйзам ченемдүү көрүнүш. Алтайлыктардын «Маадай-Кара», «Боодый-Мерген» эпосторунун баш каармандарынын окшош эки кара бүркүтү, эки кара тайганы болгондугу айтылат. «Кан-Сулутай» эпосунда бүркүт, тайгандан башка аюусу да болот. «Алтай-Буучайда» эки боз шумкар, эки боз тайган сүрөттөлөт. Булар негизинен эпикалык баатырлардын ата-журтун душмандардан коруп, кароолчулук милдет аткарышат. Ошондой эле Алтай-Буучай аң уулоого эки тайганы менен барса, Манас да «Ит агыта, куш салып Жети жигит кошчу алып» (Сагымбай Орозбаков, 1. 234) дегендей бардык варианттарда Кумайык баатырлардын жөнөкөй гана аңчылык тайганы болбостон, өзгөчө бир касиеттүү жаныбар катары сүрөттөлөт. Манас өлгөндө анын башка сыйкырдуу жаныбарларындай эле Кумайык аза күтөт. Семетей Букардан Таласка алгач келгенде жолунан биринчи болуп тосуп чыгат. Кийин Семетей Кыястан жарадар болгондо, сөөгүн душмандан коргоп Алтай-Буучайдын эки боз тайганы сыяктуу Кумайык да эч кимди жолотпойт. Айрым изилдөөчүлөрдүн (Р. Сарыпбеков) пикири боюнча бардык учурда тең ал иттен кушка айланган укмуштуу жандык, же бир эле учурда ит да, куш да болгон аргын жаныбардын баштагы аргын образы экиге ажырап, өз-өзүнчө персонификацияланган иттин атрибуту Кумайыкка куштун атрибуту Акшумкарга айланган. Манас өлгөндө «алтын туурун талкалап, жибек боосун тытып, айды көздөй сызып» кетип калган Акшумкар Семетей эр жетип, элине келээр жолуна уя салып, «куу арыктуу дайрадан куу бөктөрүп», «капчыгайлуу зоолордон каз бөктөрүп», «Качып калган түлкүнү Шукшуруп алып Акшумкар «Келегой жетим» дегенсип» (Саякбай Каралаев, Кол жазмалар фондусу, 549-инв., 25-б.), Семетейди сагынычтуу тосуп алат. Эпосто Акшумкардын идеалдаштырылышы Семетей баатырдын бейкут тиричилигинде маанилүү роль ойношуна байланышкан. Анткени көчмөн уруулардын түшүнүгүндө бүркүт, кыраан куш адамдын байлыгы эле эмес, мартабасын да көтөргөн. Элдик салт боюнча эң бир орчундуу учурларда (согуш мезгилинде, уруулардын өз ара чатактарын басууда) кушту сыйлыкка тартуулашкан. Бул жөнүндө тарыхый материалдарда ачык маалыматтар сакталган. Мисалы, Моңгол жапырыгына байланыштуу маалымат боюнча кыргыздарга Чынгызкан элчилерин жиберип, багынып берүүсүн өтүнгөн. Кыргыздар макулдугун билдирип, Чынгызканга Акшумкар тартуулаган. Акшумкардын баалуу белек, жогорку сыйлык катарында канга тартууланышы Кыпчак талаасынын каны Жаныбектин алты шумкар баш болгон баалуу белектерди Мисир султанына бергени тарыхый факты менен да аныкталат. Ошондуктан «Манастагы» Акшумкар менен Кумайыктын образынын салттык мүнөзгө ээ болушу бекеринен эмес. Айрыкча Акшумкардын образынын ачык элеске, өзгөчө мүнөзгө ээ экени «Семетей» эпосунда Семетейдин куш салуу сөөлөтүнөн көрөбүз. Салттык бул көрүнүш эпостогу окуянын жүрүшүндө майда-чүйдөсүнө чейин сүрөттөлөт. И. а„ к. с-нун ардактуулугу жана баалуулугу көлдөгү кууга салган Акшумкарды Айчүрөктүн амал менен алып кетиши, дайынсыз жоголгон шумкары үчүн Семетейдин күйүткө түшүп кайгырышы, аны жер жүзүнөн издетмекчи болгону, «Шумкар табылмайынча жер кезем, дүйнөмдү чачам» деген сөзүнөн таасын сезилет. Демек, «Манас» бөлүгүндө коллективдүү аңчылыктын салбырын сыяктуу байыркы түрү сакталса, «Семетей» чагылдырган тарыхый шартта И. а„ к. с.-нун эс алуу, ден соолук чыңоо, көңүл ачуу үчүн мааниси чоң. Буга түрк-моңгол элдеринде И. а, к. с. байыркы мезгилден тарта эле ардактуу өнөр-кесип болгондугу, баскынчы кандарга Акшумкар тартуулап адилет элдин жоодон чабылбай аман калгандыгына жогоруда келтирилген тарыхый фактылар далил болсо, элдик эпостон орун алган, мисалы, Алтай-Буучайдын эки боз тайганы менен эки боз шумкары ата-журтун душмандардан коруганы жана Семетейдин ууга чыгып Акшумкарды жоготушу, аны азап менен табышы кыраан куштардын жогору бааланышынын айкын күбөсү боло алат.
С. Алиев
Ынтымагы жок, ыркы жок, бирдиктүү эмес. Ит арка бүлө ооздон сөзүбүздү талашып, душманга туш ачып берди (Өгөбаев). «Мени киши катарынан чыгарыпсыңар» деп ит арка болуп көчтү да кетти (Ш. Үмөталиев). Бирин бири жактырбаган ит арка, тим эле ит менен мышыктай ыркырашкан немелер экен (Бердикеев).
Ынтымаксыздык, ыркы жоктук, ич ара пикир келишпегендик. Таякем кечээ биздикине келип кетти. Активдерибиз ит арка дейт (Сыдыкбеков). Ит арка бүлө ооздон сөзүбүздү талашып, душманга туш ачып берди (Өгөбаев). «Мени киши катарынан чыгарыпсыңар»деп ит арка болуп көчтү да кетти (Үмөталиев). Бирин бири жактырбаган ит арка, тим эле ит менен мышыктай ыркырашкан немелер экен (Бердикеев).
Жини келүү, кыжыры кайноо, ачуусу келип туталануу. Шайы оогон адамча илкий бараткан Акматты көрүп итатайы тутулду («Кыргызстан маданияты»). Ал эми айтып отурушса, кантип итатайыңтутулбайт? («Советтик Кыргызстан»). Мышыктын өлүгүн көрөйүн, ушундан кийин мышыкты көрсөм эле итатайым тутулуп, бүткөн боюм дүрулдөй түшөт (Борбиев). Бирок, ошентсе да, тигинин итатайы тутулуп, бир топ мазесин кетирүүгө жарады (Исмаилов).
Жини келүү, кыжыры кайноо, ачуусу келип туталануу. Шайы оогон адамча илкий бараткан Акматты көрүп итатайы тутулду («Кыргызстан маданияты»). Ал эми айтып отурушса, кантип итатайың тутулбайт?. Мышыктын өлүгүн көрөйүн, ушундан кийин мышыкты көрсөм эле итатайым тутулуп, бүткөн боюм дүрүлдөй түшөт (Борбиев). Бирок, ошентсе да, тигинин итатайы тутулуп, бир топ мазесин кетирүүгө жарады (Исмаилов). В.: Итатайы тута түшүү. Анын да итатайы тута түштү: силерди ким чакырды? Кеткиле азыр!... (Жигитов). Итатайы кармоо. Менин да итатайым кармай калып, чалга терс аяктык кылдым (Жигитов). Итатайы келүү. Чынын айтсам, анын мамилесине итатайым келип кетти (Бердикеев).
1. Колдорун суудан чыгара кулач таштап, кенен шилтебей, алдын карай челе таштап чабак уруунун, сууда сүзүүнүн бир ыкмасы, түрү. 2. Арышын керип, арышын кере-кере таштап, улам кызый чуркоо деген мааниде (көбүнчө жылкыга карата) колдонулат. Учкаша минген бууданы, Ит балдак уруп келатат («Мендирман»).
1. Колдорун суудан чыгара кулач таштап, кенен шилтебей, алдын карай челе таштап чабак уруунун, сууда сүзүүнүн бир ыкмасы, түрү. 2. Арышын керип, арышын кере-кере таштап, улам кызый чуркоо деген мааниде (көбүнчө жылкыга карата) колдонулат. Учкаша минген бууданы, Ит балдак уруп келатат («Меңдирман»). Ит-Кечпестин Кара-Суу, Ит балдак уруп жоголду («Семетей» С. К.).
Эмне кыларын билбей башы айланып калуу, башы маң болуу. Ошентип, аганын макулун укпай Бөлөбала менен Бүкөш ит башы каңгы болуп, Осмонкулга ачык сөздөрүн айта алышпай, уулун ой тереңине салып койгон (Өгөбаев).
Уят болуу, жаман абалда калуу, шермендеси чыгуу. Кагылып кетейиндер, мен ит болдум, өлтүрө көрбөгүлө, мал-башым тартуу (Саатов). Айттымбы, болду, ошондо өзүңөр ит болосуңар! Карап тургула! (Айтматов). Прицепти кайра сүйрөтүп, кайсыл бетим менен барам? Ит болдум, куш болдум, ушул ишке туш болдум (Айтматов).
иметь жалкий вид; быть захудалым (о внешнем виде, а также и об общественном положении); итейген чал старикашка; итейген чалга бергенче, ичимди жарып сууга сал стих. чем отдать меня за старикашку, лучше вспори мне живот и брось в воду.
Бул сөз түрткүлө сөзүнө барабар маани берет жана ит+ала морфемаларынан куралат. Байыркы түрк эстеликтеринде жана азыркы айрым түрк тилдериндеги ит сөзүнүн өзү эле кыргызча итер этишинин маанисинде айтылат. Ошол ит этишине кыймыл-аракеттин дагы көп жолу кайталанарын туюнта турган -ала мүчөсү жалганып, ителе сөзү келип чыккан. Натыйжада «түрткүлө» маансиндеги сөз жаралган. Мындай мүчө сеп-себеле, теп-тебеле сыяктуу уңгуларда да көп кайталанган кыймыл-аракетти туюнтуу үчүн жалганат.
Бул сөз ит+ар морфемаларынан куралган. Ит этишинин өзү эле байыркы түрк тилинде «түрт» маанисин берген (ДТС, 215). Азыркы кыргыз тилинде ит этиши андай мааниде айтылбайт. Болжолу, байыркы кезде ит этишинин өзүнчө колдонулушу айрым түрк тилдеринде мүчүлүш боло баштап, ага -ар мүчөсү жалганган түрү гана айтыла турган болуп калган. Натыйжада итер сөзүнүн мааниси алгачкы ит уңгусу берген мааниге барабар келип калган. Чындыгында -ар мүчөсү жалганган сөз ошол этиштин аркылуу мамилесинин маанисин бермек. Мындай -ар мүчэсү азыркы чык-чыгар, быш-бышар сыяктуу этиштерде катышат.
Тып-тыйпыл, эч нерсеси калбагаңдай, орду-түбү менен жок кылгандай. Ошол күнү карасам, коругумду ит жалап кеткендей, чөп деле өспөй калган экен («Кыргызстан маданияты»).
Тып-тыйпыл, эч нерсеси калбагандай, орду-түбү менен жок кылгандай. Ошол күнү карасам, коругумду ит жалап кеткендей, чөп деле өспөй калган экен («Кыргызстан маданияты»).
Чыдамкай, ар кандай кыйынчылыкка, кыйноо-кыстоого туруштук бере ала тургандай, чыдамдуу. – О-о, ит жандуу кайраным а! Дагы гөрдөн туруп келгенби?! – деп жиберди (Касымбеков). – Ит жандуу ургур окшойт, – деп олунуптур (Бейшеналиев). Мурун эле ушул сыяктуу оорунун белгилери белгилүү болгонуна моюн бербей ит жандуу болуп жүрө берген (Бердикеев).
Чыдамкай, ар кандай кыйынчылыкка, кыйноо - кыстоого туруштук бере ала тургандай, чыдамдуу. - О-о, ит жандуу кайраным а! Дагы гөрдөн туруп келгенби?! - деп жиберди (Касымбеков). - Ит жандуу ургур окшойт, - деп олунуптур (Бейшеналиев). Мурун эле ушул сыяктуу оорунун белгилери белгилүү болгонуна моюн бербей ит жандуу болуп жүрө берген (Бердикеев).
Улам бирин экинчиси жыгып алуу; улам бири артыкчылыкка ээ болуп туруу (бирок эч кимиси жеңишке жетишпөө), бири экинчиси менен катуу кармашкан абалда тоголонуу, кулоо. Жолборс бар күчү менен булкунду. Экөө кериден ит жумалак болушту (Көчкөнов).
Күрөшкөндө кимиси жыгып, кимиси жыгылганы ачык болбой, аны аныктоого мүмкүн болбогон, тең тайлашкан абал, тең жыгылыш. Экөө бой тиреше түшүп, күрөшө кетишти: экөө буйдалакташып калышты... «ит жыгылыш» (Өмүрбаев). Ит жыгылыш болуп калды, кайра күрөшкүлө.
Күрөшкөндө кимиси жыгып, кимиси жыгылганы ачык болбой, аны аныктоого мүмкүн болбогон, тең тайлашкан абал, тең жыгылыш. Экөө бой тиреше түшүп, күрөшө кетишти: экөө буйдалакташып калышты... «ит жыгылыш» (Өмүрбаев). Ит жыгылыш болуп калды, кайра күрөшкүлө.
рахит; итий болгон баладай истощённый, исхудалый; итий болгон баладай, баркырап үндү сала албайт фольк. он точно рахитичный ребёнок, не может громко крикнуть.
зат. Организмдеги минералдардын алмашуусунун бузулуу натыйжасында сөөк жана нерв системаларындагы өнүгүштүн бузулушу менен мүнөздөлүүчү балдардын оорусу, рахит. А балдарынын көбү териси сөөгүнө жабышып, куу далы ийнеликтей чилмийип, итий деген ооруга жолугушчу (Сыдыкбеков).
Организмдеги минералдардын алмашуусунун бузулуу натыйжасында сөөк жана нерв системаларындагы өнүгүштүн бузулушу менен мүнөздөлүүчү балдар оорусу, рахит. «Д» витамини жетишсиз болсо, итий оорусу пайда болот («Ден соолук»). А балдарынын көбү териси сөөгүнө жабышып куу далы, ийнеликтей чилмийип итий деген ооруга жолугушчу (Сыдыкбеков).
быть плюгавым, невзрачным; көзүнүн чуңкуруна бир чөйчөк суу куйса толбочудай болуп, итирейип жүдөп калыптыр он так похудел, что если ему в глазницу налить чашку воды, она (глазница) не наполнится; кап, итирейген! ух ты, плюгавый!
Жагымсыз нерсени көргөндө, сезгенде, эстегенде келүүчү сезим итирке аталат. Бул сөз итирт+ке бөлүктөрүнөн турат. Итир уңгусу — жогорку итер сөзүнө барабар, ал эми -ке мүчөсү — этиштен зат атооч жасоочу мүчө. Мындай мүчө сөзүндө да катышат. Итирке сөзү, «итере турган сезим» маанисиндеги сөз болгон деп эсептөөгө болот.
итиркейикелүү — бүткөн бою дүркүрөө, жагымсыз сезип дүүлүгүү, кыжыры келүү. Төкүштүн буту мышыкка тийип итиркейи келип кетти («Ден соолук»). Анын бул ишке итиркейи келишине себеп бар (Каралаев).
к. ИТИРКЕЙИ КЕЛҮҮ
Мага тескерисинче, анын ар бир сөзү темирди тырмак менен чыйкылдатып тырмагандан бетер итиркейимди келтирип, жол өмүр бою бүтпөөчүдөй сезилип келе жатты («Ала-Тоо»).
1. Денеси дүркүрөгөн жагымсыз сезимде болуу. Итиркейин да келтирет, моокумун да кандырат (Жигитов). Жанына жакындап, эркелейин деп кыйшаңдаган сайын, боюм дүркүрөп, итиркейим келет (Абдукаимов). Эстебейин десем деле эсимден кетпейт, итиркейимди келтирип (Бердикеев). 2. Кыжыры келүү, ачуусу келип туталануу. Токо болуштун кабагына кар жаап, болбогон нерсеге итиркейи келип, кылдан кыйкым таба албай турган кези (Үмөталиев). Бүбүкан тил кайырбаган сайын, Калыйча күчөп, андан бетер итиркейи келет (Абдукаимов). Эмнегедир итиркейим келип, Калбүбүнү жеп жиберчүдөй тиктей бердим (Бердикеев). В.: Итиркейди келтирүү. Мага, тескерисинче, анын ар бир сөзү темирди тырмак менен чыйкылдатып тырмагандан бетер итиркейимди келтирип, жол өмүр бою бүтпөөчүдөй сезилип келе жаттым («Ала-Тоо»).
1. Денеси дүркүрөген жагымсыз сезимде болуу. Итиркейин да келтирет, моокумун да кандырат (Жигитов). Жаныма жакындап, эркелейин деп кыйшаңдаган сайын боюм дүркүрөп, итиркейим келет (Абдукаимов). Эстебейин десем деле эсимден кетпейт, итиркейимди келтирип (Бердикеев). 2. Кыжыры келүү, ачуусу келип туталануу. Токо болуштун кабагына кар жаап, болбогон нерсеге итикейи келип, кылдан кыйкым таба албай турган кези (Ш. Үмөталиев). Бубукан тил кайырбаган сайын калыйча күчөп, андан бетер итиркейи келет (Абдукаимов). Эмнегедир итиркейим келип, Калбүбүнү жеп жиберчүдөй тиктей бердим (Бердикеев).
ИТ-ИЧПЕСТИН АЛА-КӨЛ — топоним. Эпосто бирде: «Уркун, Эртиш эки суу Калмактын жайы мына бу, Ит ичпестин көлү бар» (Сагымбай Орозбаков, 3. 260),— деп айтылса, экинчи бир учурда Ала-Көл делет. Мисалы бала чакта ойноп кетип, атасы Жакып аны Үч-Арал жолунан издеп «Алыскы жолго салганбы, Шумурай, Ала-Көл кетип калганбы?» (Сагымбай Орозбаков, 1. 216—217),— деп айтылса, Радлов жазып алган вариантта И.-И. А.-К. деген толук формасында «Баатыр Манас тентеги Ит-Ичпестин Ала-Көл Ит агытып, куш салган» (Радлов жазып алган вариант, 166),— деп кездешет.
«Манастын» кийинки жазылган варианттарында бирде Ала-Көл, бирде Ит-Ичпестин көлү деп берилсе, революцияга чейинки Радлов жазып алган вариант менен Валиханов жазып алган эпизоддо И.-И. А.-К. деген толук формасы берилет. Валиханов жазып алган эпизоддо төмөнкүдөй айтылат:
Андан ары чыккамын
Ит-Ичпестин Ала-Көл
Суу түбүнө түшкөмүн
Кырк кулактуу мыс кармап
Алып чыгып бергемин (Валиханов жазып алган эпизод, Кол жазмалар фондусу, 5187инв„ 64-б.).
Ала-Көл аттуу көл «Мажму ат-таварихте» Жолой менен Манас урушкан эпизоддо эскерилип кетет («Мажму ат-таварих», В. Ромодиндин котормосу. Кол жазмалар фондусу, 5154-инв., 68-б.). «Манастан» тышкары кыргыз эпикалык чыгармаларында И.-И. А.-К, аттуу көл «Жаныш-Байыш», «Эр-Төштүк», «Жоодарбешим» эпосторунда да кездешет. Географиялык реалияда И.-И. А.-К. Казакстандын чыгышындагы көл.
И. Молдобаев
Эч көңүл бурбоо, назар салбоо. - «Ия бу не кылганың?! Ит келдиби же куш келдиби дебей, ыя?! -деди дили кара болуп (Касымбеков). Бюрократты билбеген киши жок: ит келдиби, куш келдиби - ал үчүн бир, иши жок (Борбугулов).
Эч көңүл бурбоо, назар салбоо. – «Ия бу не кылганың?! Ит келдиби же куш келдиби дебей, ыя?! – деди дили кара болуп (Касымбеков). Бюрократты билбеген киши жок: ит келдиби, куш келдиби – ал үчүн бир, иши жок (Борбугулов).
Адалдан түгү жок, колунда эч нерсеси жок, абдан алсыз, өтө жарды. Нурбай дагы итке минген кедейдин бири («Жаш ленинчи»). Итке минген кедей кезим эле, койлуу боломбу деп, атымды Койлуубай койгом (Шүкүрбеков).
Адалдан түгү жок, колунда эч нерсеси жок, абдан алсыз, өтө жарды. Нурбай дагы итке минген кедейдин бири («Жаш Ленинчи»). Итке минген кедей кезим эле, койлуу боломбу деп, атыңды Койлуубай койгом (Шүкүрбеков). В.: Итке минген томаяк. Итке минген томаяктар да малдуу кишилерден саан алышып, мында көчүп келишкен (Каимов).
Жарды кылуу, өтө жакырлантуу, мүңкүрөгөн, айласыз абалга дуушар кылуу. Опол башкарган элден адалдан түк койбой итке миңгизери жөнүндө макулдашкан (Осмоналиев).
Жарды кылуу, өтө жакырлантуу, мүңкүрөгөн, айласыз абалга дуушар кылуу. Опол башкарган элден адалдан түк койбой итке миңгизери жөнүндө макулдашкан (Осмоналиев).
Колдо болгон нерсесинин бардыгынан, мал-мүлкүнөн, ж. б. ажырап өтө жардыланып, жоксуз болуп калуу. Бий, болуштардын ырамат, налогдору көз ачылбай отуруп, биз түгөл итке минип калдык (Элебаев). Адалдан түгү жок, итке минип калган томаяктар да малдуу кишилерден саан алышып, мында көчүп келшикен (Каимов). Налогдон көз ачылбай отуруп, биз түгөл итке минип калдык (Элебаев). В.: Итке минүү. Алсыздары кайың саап, кыздары шимүүр шимип, эл жардылыктан итке минип азып-тозду (Токтогул). Анын тээ илгерки ата-теги да жалкоолугунан итке минип кедей болгонунан тарта эч мүдүрүлбөй жатка айтып чыкты (Акматов).
Колдо болгон нерсесинин бардыгынан, мал-мүлкүнөн, ж.б. ажырап өтө жардыланып, жоксуз болуп калуу. Бий, болуштардын ырамат, налогдору көз ачылбай отуруп, биз түгөл итке минип калдык (Элебаев).
к. ИТКЕ МИНИП КАЛУУ
Алсыздары кайың саап, кыздары шимүүр шимип, эл жардылыктан итке минип азып-тозду (Токтогул). Анын тээ илгерки ата-теги да жалкоолугунан итке минип кедей болгонунан тарта эч мүдүрүлбөй жатка айтып чыкты (Акматов).
ИТ-КЕЧПЕСТИН КАРА-СУУ — топоним. Кы тайлар менен болгон согушта мөндүрдөй кылып ок атып, найза сайып, Манас баатырды жыга албай турган жердеги «аргымак түшсө ойнобогон, найза сайса бойлобогон кара суу» (Сагымбай Орозбаков, 4. 330).
ИТ-КЕЧҮҮ — топоним. Эпосто Көкөтөйдүн уулу Бокмурун атасынын кара ашын өткөрүү үчүн жер тандап бара жаткан көчү И.-К-нү кечип өткөнү айтылат (Радлов жазып алган вариант, 147). Географиялык реалияда Чүй суусундагы белгилүү кечүү.
Көрбөгөн азап-тозогу калбоо, адам чыдагыс кордуктарды, кыйынчылыктарды башынан өткөрүү. Токтор Өмүрзак байдан ит көрбөгөндүн баарын көрдү (Абдукаимов). Опол алты ай бою ит көрбөгөндү көрүп, Тайбаскулдун туткуну болуп жаткан (Осмоналиев).
Көрбөгөн азап-тозогу калбоо, адам чыдагыс кордукгарды, кыйынчылыктарды башынан өткөрүү. Токтор Өмүрзак байдан ит көрбөгөндүн баарын көрдү (Абдукаимов). Опол алты ай бою ит көрбөгөндү көрүп, Тайбаскулдун туткуну болуп жаткан (Осмоналиев).
Аябай кыйноо, катуу кысымга алуу, ызалоо. Бир ай бою Күласылга ит көрбөгөн кордукту көрсөттүм (Осмоналиев). Эми Орозкул суудан кайра кууп чыкпаса экен, элдин көзүнчө ит көрбөгөн кордукту көрсөтпөсө экен (Айтматов).
Аябай кыйноо, катуу кысымга алуу, ызалоо. Бир ай бою Күласылга ит көрбөгөн кордукту көрсөттүм (Осмоналиев). Эми Орозкул суудан кайра кууп чыкпаса экен, элдин көзүнчө ит көрбөгөн кордукту көрсөтпөсө экен (Айтматов).
Үрпүйүп, түгү сыртына чыгып, ачуусу келип же үшүп деген маанилерде колдонулат. Ал унчукпай аттан түштү да, кабагын түйүп, ит көргөн кармүштөктөй үрпүйүп басып келди (Айтматов).
Талаада өлүп, сөөгү көмүлбөй калуу. Батийнадай келини бар Кыдырбай ырыстуу тура, ит-кушка жем болбой, сөөгү жерге жашынды (Сыдыкбеков). В.: Карга-кузгунга жем болуу. Азган-тозгон шордуулардын далайы карга-кузгунга жем болду («Ала-Тоо»).
Бири-бирине абдан өч ынтымагы жок. Ал экөөнүн ымаласы ит менен мышыктай экенин өзүң деле байкап калгандырсың? (Саатов). - Зулайка менен келини ит менен мышыктай деп уктум эле, - деди Шайлоо жолдо бара жатканда шоферуна карата үн катып, - мамилелери оңдолушкан го дейм, ыя? (Медетов). Бирин-бири жактырбаган ит арка, тим эле ит менен мышыктай ыркырашкан немелер экен (Бердикеев).
Бири-бирине абдан өч, ынтымагы жок. Ал экөөнүн ымаласы ит менен мышыктай экенин өзүң деле байкап калгандырсың? (Саатов). – Зулайка менен келини ит менен мышыктай деп уктум эле, – деди Шайлоо жолдо бара жатканда шоферуна карата үн катып, – мамилелери оңдолушкан го дейм, ыя? (Медетов). Бирин-бири жактырбаган ит арка, тим эле ит менен мышыктай ыркырашкан немелер экен (Бердикеев).
Байлаган ашы бышканда кызыл түстө болуучу жапайы өскөн тикендүү бадал өсүмдүк. Сары жыгач, чычырканак, ит мурун, Тулку бою миң сандаган ийнелер (Калык). Алмурут чыккан жерлерге, Ит мурун чыгат дечү эле («Манас»).
Кандайдыр бир кайталанма жаман адат, кара мүртөздүк, жаман кылык-жорук. Кедейдин күлүк аты, жакшы жары болсо, көз арткан бай-манаптын ит оорусу бар эле («Ала-Тоо»). Сен баягы ит ооруңду карматкан турган экенсиң го, үйүмдөн даам сызып олтуруп (Баялинов). Бирөө мактап койсо, көтөрүлүп кетме ит оорум бар (Үмөталиев).
Көндүм болгон, өнөкөт болуп калган жаман адат, терс көрүнүш. Кедейдин күлүк аты, жакшы жары болсо көз арткан бай-манаптын ит оорусу бар эле («Ала-Тоо»). Сен баягы ит ооруңду карматкан турган экенсиң го, үйүмдөн даам сызып олтуруп (Баялинов). Бирок мактап койсо, көтөрүлүп кетме ит оорум бар (Ш. Үмөталиев).
ИТ-ӨЛБӨС — топоним. Алтайдагы кыргыздар Ала-Тоого көчүп келгенде И.-Ө чөлүнүн аты аталат. Элдик оозеки чыгармачылыкта адам жашай албас кыйын жер катары көп кездешет.
Абдан кыйынчылык менен зор чыдамкайлык жана эрдик көрсөтүүнүн натыйжасында гана жете ала турган жер же татаал иш. Искак ит өлгөн жерге жароочу азамат эле, дагы кереги тиер дешкен го («Чалкан»). – Ит өлгөн жер болсо эле мени жумшоочу болдуңар (Каимов).
Адам жете албаган алыс, катаал жер, өтө кыйынчылык менен араң жете тургандай жер. Сени менен ит өлгөн жерге чейин барам. Искан ит өлгөн жерге жароочу азамат эле, дагы кереги тиер дешкен го («Чалкан»).
ИТ-ӨЛӨР — топоним. Каныкей Тайторуну чапканда байгеге кошулган күлүктөр басып өткөн чөл. «Ашып түшсө ар жагы Ит-Өлөрдүн чөлү ошол» (Саякбай Каралаев, «Семетей», 1. 89).
1. Абдан уят кылуу, маскаралоо, абийирин кетирүү. Эл алдында ит өлүк кылды. 2. Бирөөнү акыл-эсин жоготкончо абдан катуу сабоо, тепкилөө, көк ала койдой союу. Мунун кайсы күнөөсү үчүн мынча ит өлүк кылышкан? («Ала-Тоо»).
1. Абдан уят кылуу, маскаралоо, абийирин кетирүү. Эл алдында ит өлүк кылды. 2. Бирөөнү акыл-эсин жоготкончо абдан катуу сабоо, тепкилөө, көк ала койдой союу. Мунун кайсы күнөөсү үчүн мынча ит өлүк кылышкан? («Ала-Тоо»).
Абдан катуу кордук көрүп, кыйналып, маскараланып өлтүргөн өлүм. Кулактардын козголоңуна катышып, ит өлүмү менен өлүптүр (Абакиров). О, ит өлүмдү Качике жакшы түшүнөт (Абдукаимов). – Буларга убал жок, бир өлмөктөн үч өлсүн! Ит өлүмүн кылабыз деди (Үмөталиев).
Абдан катуу кордук көрүп, кыйналып, маскараланып өлтүргөн өлүм. Кулактардын козголоңуна катышып, ит өлүмү менен өлүптүр (Абакиров). О, ит өлүмдү Качике жакшы түшүнөт (Абдукаимов). –Буларга убал жок, бир өлмөктөн үч өлсүн! Ит өлүмүн кылабыз деди (Ш. Үмөталиев).
1. Туш тараптан кагуу жеп, шылдың болуп, өтө ыңгайсыз жаман абалда калуу. Орду жок сөздү көп айтып, ит талаган түлкүдөй болду. 2. Самсаалап, салбырап эч нерсеси калбоо, жок болуу, тымтыракайы чыгуу, тамтыгы кетүү. Байкуштун үйүн ит талаган түлкүдөй кылып кеткен экен... муну өзү кийин билиппшр («Кыргызстан маданияты»).
1. Туш тараптан катуу жеп, шылдын болуп, өтө ыңгайсыз жаман абалда калуу. Орду жок сөздү көп айтып, ит талаган түлкүдөй болду. 2. Самсаалап, салбырап эч нерсеси калбоо, жок болуу, тымтыракайы чыгуу, тамтыгы кетүү. Байкуштун үйүн ит талаган түлкүдөй кылып кеткен экен... муну өзү кийин билиптир («Кыргызстан маданияты»).
Ынтымаксыз, биримдиги жок, ыркы жоктук, ич-ара пикир келишпегендик. - Ит тартышы бүтчү беле ордоңуздун! - деди Бекназар (Касымбеков). -Мына, аталыктын көзү өттү, эми көрүп алабыз, ордодо дагы ит тартыш чыгат (Касымбеков). Туугандын куйтусу болсо наалат айтып, душмандын түздүгү болсо ыракмат айтып, бул ит тартыш дүйнөдөн көп кыйналбай кеткиси келди (Касымбеков).
1. Аркандын эки учуна эки киши байланып алып, белгилүү чектен ашыра бири-бирин сүйрөп тартып кетүүчү улуттук оюн, аркан тартмай. Башташып мындан кийин ит тартышты, Аркандап сүйрөп жатты бири-бирин (Маликов). Атала баш ит тартыш, Андан кийин жөө жарыш («Манас»). 2. Ич ара пикир келишпегендик, ыркы жоктук, ынтымаксыздык. Эми көрүп алабыз, ордодо дагы ит тартыш чыгат (Касымбеков). Ит тартышы бүтчү беле ордоңуздун! – деди Бекназар (Касымбеков).
1. Ит сыяктуу, итке окшош. Алышкан иттей улудум, Ажырап оокат жайымдан («Кедейкан»). 2. Кандайдыр бир окуяга, көрүнүшкө ж. б, күчөтүү маанисин берүүдө колдонулат. Ушунда бир оңбогур бозо ичип келе коёлу деп азгырып, кечээ күнү иттей уят болуп калбадыкпы! (Убукеев).
чыгаруу — эптеп жолго салуу, алдап-соолап жөнөтүп жиберүу. Четинчыгаруу — бир нерсе жөнундө анча-мынча билгизип коюу, айтуу. Кызчыгаруу —кыз берүү, кыз узатуу. Көрөм десең урматын, Уул үйлөп, кыз чыгар (Токтогул).
Эптеп күн көргөн, турмушу начар, жармач. Бул бечаралардын абалын кандай десек, ...иттен илгери, кишиден кийин. Ушинтип жүрүп жетилип да кетер («Ала-Тоо»).
Эптеп күн көргөн, турмушу начар, жармач. Бул бечаралардын абалын кандай десек, иттен илгери, кишиден кийин, Ушинтип жүрүп жетилип да кетер («Ала-Тоо»).
Эптеп жөнөтүү, көңүл соороткон курулай сөздөр менен жолго салуу. Көрсө жөн эле иттен чыгарыптыр, ага деле кейибедик («Чалкан»). Төрөбековдун бул эмне кылганы? Эмне деп иттен чыгарганы? Эшик-төрдөй, алакан отундай жерде маңдай-тескей канатташ отуруп, бири-бирибизди алдай беребизби? (Егиналиев).
Эптеп аны-муну айткан болуп жөнөтүү, куру жооп айтуу, алдап-соолап жолго салуу. Көрсө, жөн эле иттен чыгарыптыр, ага деле кейибедик («Чалкан»). Төрөбековдун бул эмне кылганы? эмне деп иттен чыгарганы? Эшик-төрдөй, алакан отундай жерде маңдай-тескей канатташ отуруп, бири-бирибизди алдай беребизби? (Егиналиев)
всё отрицательное, свойственное собаке; свинство; иттик кылды он сделал пакость, он поступил по-свински; ит иттигин кылбаса, башы ооруйт погов. (о пакостнике) если собака не пособачится, у неё голова будет болеть; иттик бизден кеткен мы поступили по-свински.
Абдан жаман, өтө начар, жагымсыз. Аны иттин арткы шыйрагындай эле көрөсүң го деп күлдү («Ала-Тоо»). А иттин арткы шыйрагындай болгон неме (Абдукаимов).
Катуу уятка калуу, шылдың болуп маскарасы чыгуу. Мени ошол жерде сени ээрчип барган каракчыча да көрбөй, иттин арткы шыйрагындай болуп кайра келем го ыя?! (Өзүбекова). Аны иттин арткы шыйрагындай эле көрөсүң го деп күлдү («Ала-Тоо»). А иттин арткы шыйрагындай болгон неме (Абдукаимов).
Абдан уят болуу, маскара болуу, шермендеси чыгуу, өтө ыңгайсыз, начар абалда калуу. Мени ошол жерде сени ээрчип барган каракчыча да көрбөй, иттин арткы шыйрагындай болуп кайра келем го ыя?! (Өзүбекова).
Абдан көп, өтө көп, арбын, сан жеткис. Бул жерде зеки чылыктар, жаңы былыктар иттин кара капталынан («Чалкан»). Канжыгам да жаман сумкам бар, анын ичинде дары-дармек, спирт деген неме иттин кара капталынан (Бердикеев).
Абдан көп, болжолсуз көп. Бул жерде эски чылыктар, жаңы былыктар иттин кара капталынан («Чалкан»). Канжыгамда жаман сумкам бар, анын ичинде дары-дармек, спирт деген неме иттин кара капталынан (Бердикеев).
Көрүнгөн киши, ким көрүнгөн адам аттуунун баары. - Ушуну да билбейсиңби? Муну иттин уулу Байкара деле билет, - деп мени жемелеп кирди. Мындайды иттин уулу Байкара деле кийип жүрөт, мен айткан такыр башка, - деп жеңем байкеме таарына баштады («Чалкан»).
Көрүнгөн киши, ким көрүнгөн адам аттуунун баары. – Ушуну да билбейсиңби? Муну иттин уулу Байкара деле билет, – деп мени жемелеп кирди. Мындайды иттин уулу Байкара деле кийип жүрөт, мен айткан такыр башка, – деп жеңем байкеме таарына баштады («Чалкан»). В.: Иттин уулу байбарак, күндүн уулу гүлбурак.
ИТ-ТОРПУ — топоним. Каныкей Тайторуну чапканда байгеге кошулган күлүктөр басып өткөн татаал жолдордун бири: «Ит-Торпунун жолунда, Кезең-Кырдын оюнда, Санап көрсө Тайтору, Келе жатат бууданың Алтымыш аттын соңунда» (Саякбай Каралаев, «Семетей», 1. 89).
имеющий собаку, с собакой; иттүү конок гость с собакой (в старом быту такой гость был нежелателен: в юрту собаку ввести нельзя, а оставить снаружи-будет грызня с хозяйскими собаками); иттүү коноктой болуп (доставил неприятность) будто гость с собакой; биттүү конок батат, иттүү конок батпайт погов. вшивый гость (в юрте) поместится, а гость с собакой не поместится.
Тандалган жоокерлер тобунун көп колдун алдына түшүп качып берип, улам жеткени менен кармаша кетип, кайра качуусу. Бул ык (тактика) урушууга тең келе албаган учурда аз колдун (же көчтүн) узап кетиши үчүн жоону алаксытуу максатында колдонулат. Ит урушун салалы («Манас» С. К.). Азизкандын Алмамбет, Ит урушун салууга Бура тартып калды эми («Манас»).
то же, чтоиттик; бул эмне деген итчилик? это что за свинство? ичиме сактап бул сырды, итчилик өткөн өзүмдөн фольк. то, что я держал это в секрете, с моей стороны свинство.
Бөлүп-жарып араздаштыруу, ыркын, ынтымагын кетирүү, эл ичин бузуу. Билермандарынан калыстык кетип, эл ичин ит ыркырак кылып турушкан кезде, Токтогул атайын кыргыз-кыпчак эли деп журттун жалпы наамын көтөрүп, улуттун улут катары биримдигин үндөп, байыркы өткөн саналуу адамдарын дастан кылып жайды (Касымбеков). Ынтымагы ташталат, Ит ыркырак башталат (Касымбеков).
Бөлүп-жарып араздаштыруу, ыркын, ынтымагын кетирүү, эличин бузуу. Билермандарынан калыстык кетип, эл ичин ит ыркырак кылып турушкан кезде Токтогул атайын кыргыз-кыпчак эли деп журттун жалпы наамын которуп, улуттун улут катары биримдигин үндөп, байыркы өткөн саналуу адамдарын дастан кылып жайды (Касымбеков).
Кээ бир адам өзүн кордогон, ызалаган кишиге жалпылдай берет, өзүн кордоп атса деле, ошого барып көшөкөрлөнө берет. Мына ушундай адамдарга карата жогорку накыл сөз колдонулат. В.: Ит куйругун кескенге үйүр.