ИТЕЛЕ
Краткий этимологический словарь кыргызского языкаБул сөз түрткүлө сөзүнө барабар маани берет жана ит+ала морфемаларынан куралат. Байыркы түрк эстеликтеринде жана азыркы айрым түрк тилдериндеги ит сөзүнүн өзү эле кыргызча итер этишинин маанисинде айтылат. Ошол ит этишине кыймыл-аракеттин дагы көп жолу кайталанарын туюнта турган -ала мүчөсү жалганып, ителе сөзү келип чыккан. Натыйжада «түрткүлө» маансиндеги сөз жаралган. Мындай мүчө сеп-себеле, теп-тебеле сыяктуу уңгуларда да көп кайталанган кыймыл-аракетти туюнтуу үчүн жалганат.