ИТ ЖАНДУУ
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Чыдамкай, ар кандай кыйынчылыкка, кыйноо - кыстоого туруштук бере ала тургандай, чыдамдуу. - О-о, ит жандуу кайраным а! Дагы гөрдөн туруп келгенби?! - деп жиберди (Касымбеков). - Ит жандуу ургур окшойт, - деп олунуптур (Бейшеналиев). Мурун эле ушул сыяктуу оорунун белгилери белгилүү болгонуна моюн бербей ит жандуу болуп жүрө берген (Бердикеев).