ИТ-ИЧПЕСТИН АЛА-КӨЛ
Энциклопедия "Манас". ч.1.ИТ-ИЧПЕСТИН АЛА-КӨЛ — топоним. Эпосто бирде: «Уркун, Эртиш эки суу Калмактын жайы мына бу, Ит ичпестин көлү бар» (Сагымбай Орозбаков, 3. 260),— деп айтылса, экинчи бир учурда Ала-Көл делет. Мисалы бала чакта ойноп кетип, атасы Жакып аны Үч-Арал жолунан издеп «Алыскы жолго салганбы, Шумурай, Ала-Көл кетип калганбы?» (Сагымбай Орозбаков, 1. 216—217),— деп айтылса, Радлов жазып алган вариантта И.-И. А.-К. деген толук формасында «Баатыр Манас тентеги Ит-Ичпестин Ала-Көл Ит агытып, куш салган» (Радлов жазып алган вариант, 166),— деп кездешет.
«Манастын» кийинки жазылган варианттарында бирде Ала-Көл, бирде Ит-Ичпестин көлү деп берилсе, революцияга чейинки Радлов жазып алган вариант менен Валиханов жазып алган эпизоддо И.-И. А.-К. деген толук формасы берилет. Валиханов жазып алган эпизоддо төмөнкүдөй айтылат:
Андан ары чыккамын
Ит-Ичпестин Ала-Көл
Суу түбүнө түшкөмүн
Кырк кулактуу мыс кармап
Алып чыгып бергемин (Валиханов жазып алган эпизод, Кол жазмалар фондусу, 5187инв„ 64-б.).
Ала-Көл аттуу көл «Мажму ат-таварихте» Жолой менен Манас урушкан эпизоддо эскерилип кетет («Мажму ат-таварих», В. Ромодиндин котормосу. Кол жазмалар фондусу, 5154-инв., 68-б.). «Манастан» тышкары кыргыз эпикалык чыгармаларында И.-И. А.-К, аттуу көл «Жаныш-Байыш», «Эр-Төштүк», «Жоодарбешим» эпосторунда да кездешет. Географиялык реалияда И.-И. А.-К. Казакстандын чыгышындагы көл.
И. Молдобаев