Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Тандалган жоокерлер тобунун көп колдун алдына түшүп качып берип, улам жеткени менен кармаша кетип, кайра качуусу. Бул ык (тактика) урушууга тең келе албаган учурда аз колдун (же көчтүн) узап кетиши үчүн жоону алаксытуу максатында колдонулат. Ит урушун салалы («Манас» С. К.). Азизкандын Алмамбет, Ит урушун салууга Бура тартып калды эми («Манас»).