ИТ ООРУ
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Көндүм болгон, өнөкөт болуп калган жаман адат, терс көрүнүш. Кедейдин күлүк аты, жакшы жары болсо көз арткан бай-манаптын ит оорусу бар эле («Ала-Тоо»). Сен баягы ит ооруңду карматкан турган экенсиң го, үйүмдөн даам сызып олтуруп (Баялинов). Бирок мактап койсо, көтөрүлүп кетме ит оорум бар (Ш. Үмөталиев).