Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Жагымсыз нерсени көргөндө, сезгенде, эстегенде келүүчү сезим итирке аталат. Бул сөз итирт+ке бөлүктөрүнөн турат. Итир уңгусу — жогорку итер сөзүнө барабар, ал эми -ке мүчөсү — этиштен зат атооч жасоочу мүчө. Мындай мүчө сөзүндө да катышат. Итирке сөзү, «итере турган сезим» маанисиндеги сөз болгон деп эсептөөгө болот.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
итиркейи келүү — бүткөн бою дүркүрөө, жагымсыз сезип дүүлүгүү, кыжыры келүү. Төкүштүн буту мышыкка тийип итиркейи келип кетти («Ден соолук»). Анын бул ишке итиркейи келишине себеп бар (Каралаев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Денеси дүркүрөген жагымсыз сезимде болуу. Итиркейин да келтирет, моокумун да кандырат (Жигитов). Жаныма жакындап, эркелейин деп кыйшаңдаган сайын боюм дүркүрөп, итиркейим келет (Абдукаимов). Эстебейин десем деле эсимден кетпейт, итиркейимди келтирип (Бердикеев). 2. Кыжыры келүү, ачуусу келип туталануу. Токо болуштун кабагына кар жаап, болбогон нерсеге итикейи келип, кылдан кыйкым таба албай турган кези (Ш. Үмөталиев). Бубукан тил кайырбаган сайын калыйча күчөп, андан бетер итиркейи келет (Абдукаимов). Эмнегедир итиркейим келип, Калбүбүнү жеп жиберчүдөй тиктей бердим (Бердикеев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Денеси дүркүрөгөн жагымсыз сезимде болуу. Итиркейин да келтирет, моокумун да кандырат (Жигитов). Жанына жакындап, эркелейин деп кыйшаңдаган сайын, боюм дүркүрөп, итиркейим келет (Абдукаимов). Эстебейин десем деле эсимден кетпейт, итиркейимди келтирип (Бердикеев). 2. Кыжыры келүү, ачуусу келип туталануу. Токо болуштун кабагына кар жаап, болбогон нерсеге итиркейи келип, кылдан кыйкым таба албай турган кези (Үмөталиев). Бүбүкан тил кайырбаган сайын, Калыйча күчөп, андан бетер итиркейи келет (Абдукаимов). Эмнегедир итиркейим келип, Калбүбүнү жеп жиберчүдөй тиктей бердим (Бердикеев). В.: Итиркейди келтирүү. Мага, тескерисинче, анын ар бир сөзү темирди тырмак менен чыйкылдатып тырмагандан бетер итиркейимди келтирип, жол өмүр бою бүтпөөчүдөй сезилип келе жаттым («Ала-Тоо»).