ИТИРКЕЙИ КЕЛҮҮ
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Денеси дүркүрөгөн жагымсыз сезимде болуу. Итиркейин да келтирет, моокумун да кандырат (Жигитов). Жанына жакындап, эркелейин деп кыйшаңдаган сайын, боюм дүркүрөп, итиркейим келет (Абдукаимов). Эстебейин десем деле эсимден кетпейт, итиркейимди келтирип (Бердикеев). 2. Кыжыры келүү, ачуусу келип туталануу. Токо болуштун кабагына кар жаап, болбогон нерсеге итиркейи келип, кылдан кыйкым таба албай турган кези (Үмөталиев). Бүбүкан тил кайырбаган сайын, Калыйча күчөп, андан бетер итиркейи келет (Абдукаимов). Эмнегедир итиркейим келип, Калбүбүнү жеп жиберчүдөй тиктей бердим (Бердикеев). В.: Итиркейди келтирүү. Мага, тескерисинче, анын ар бир сөзү темирди тырмак менен чыйкылдатып тырмагандан бетер итиркейимди келтирип, жол өмүр бою бүтпөөчүдөй сезилип келе жаттым («Ала-Тоо»).