ИТИРКЕЙИ КЕЛҮҮ
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)1. Денеси дүркүрөген жагымсыз сезимде болуу. Итиркейин да келтирет, моокумун да кандырат (Жигитов). Жаныма жакындап, эркелейин деп кыйшаңдаган сайын боюм дүркүрөп, итиркейим келет (Абдукаимов). Эстебейин десем деле эсимден кетпейт, итиркейимди келтирип (Бердикеев). 2. Кыжыры келүү, ачуусу келип туталануу. Токо болуштун кабагына кар жаап, болбогон нерсеге итикейи келип, кылдан кыйкым таба албай турган кези (Ш. Үмөталиев). Бубукан тил кайырбаган сайын калыйча күчөп, андан бетер итиркейи келет (Абдукаимов). Эмнегедир итиркейим келип, Калбүбүнү жеп жиберчүдөй тиктей бердим (Бердикеев).