ИТ-ТОРПУ
Энциклопедия "Манас". ч.1.ИТ-ТОРПУ — топоним. Каныкей Тайторуну чапканда байгеге кошулган күлүктөр басып өткөн татаал жолдордун бири: «Ит-Торпунун жолунда, Кезең-Кырдын оюнда, Санап көрсө Тайтору, Келе жатат бууданың Алтымыш аттын соңунда» (Саякбай Каралаев, «Семетей», 1. 89).