Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Башка үй жаныбарларынан ит өзүнүн жытчылдыгы менен айырмаланат. Ушул өзгөчөлүгү иттин атын билдирген сөздүн өзүндө чагылдырылган. А. М. Щербак азыркы ит сөзүнүн праформасы ийт// ыйт түрүндө болгон деп эсептейт (Щербак, 1970, 194). Алгачкы ыйт түрү азыркы казак тилинде сакталган, анда ит болуп жазылган сөз ыйт болуп айтылат. Чуваш тилинде, йыта же йыт болуп айтылган сөз кыргызча ит сөзүнө туура келет. Ошондуктан алгачкы йыт сөзү йыт>ыт>ит болуп өзгөрүп, азыркы кыргыз тилиндеги сөз жаралган.