ИТТЕН ЧЫГАРУУ
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Эптеп аны-муну айткан болуп жөнөтүү, куру жооп айтуу, алдап-соолап жолго салуу. Көрсө, жөн эле иттен чыгарыптыр, ага деле кейибедик («Чалкан»). Төрөбековдун бул эмне кылганы? эмне деп иттен чыгарганы? Эшик-төрдөй, алакан отундай жерде маңдай-тескей канатташ отуруп, бири-бирибизди алдай беребизби? (Егиналиев)