Энциклопедия "Манас". ч.1.
ИТ-КЕЧҮҮ — топоним. Эпосто Көкөтөйдүн уулу Бокмурун атасынын кара ашын өткөрүү үчүн жер тандап бара жаткан көчү И.-К-нү кечип өткөнү айтылат (Радлов жазып алган вариант, 147). Географиялык реалияда Чүй суусундагы белгилүү кечүү.