ИТАТАЙЫ ТУТУЛУУ
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Жини келүү, кыжыры кайноо, ачуусу келип туталануу. Шайы оогон адамча илкий бараткан Акматты көрүп итатайы тутулду («Кыргызстан маданияты»). Ал эми айтып отурушса, кантип итатайыңтутулбайт? («Советтик Кыргызстан»). Мышыктын өлүгүн көрөйүн, ушундан кийин мышыкты көрсөм эле итатайым тутулуп, бүткөн боюм дүрулдөй түшөт (Борбиев). Бирок, ошентсе да, тигинин итатайы тутулуп, бир топ мазесин кетирүүгө жарады (Исмаилов).