ИТКЕ МИНИП КАЛУУ
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Колдо болгон нерсесинин бардыгынан, мал-мүлкүнөн, ж. б. ажырап өтө жардыланып, жоксуз болуп калуу. Бий, болуштардын ырамат, налогдору көз ачылбай отуруп, биз түгөл итке минип калдык (Элебаев). Адалдан түгү жок, итке минип калган томаяктар да малдуу кишилерден саан алышып, мында көчүп келшикен (Каимов). Налогдон көз ачылбай отуруп, биз түгөл итке минип калдык (Элебаев). В.: Итке минүү. Алсыздары кайың саап, кыздары шимүүр шимип, эл жардылыктан итке минип азып-тозду (Токтогул). Анын тээ илгерки ата-теги да жалкоолугунан итке минип кедей болгонунан тарта эч мүдүрүлбөй жатка айтып чыкты (Акматов).