Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Жини келүү, кыжыры кайноо, ачуусу келип туталануу. Шайы оогон адамча илкий бараткан Акматты көрүп итатайы тутулду («Кыргызстан маданияты»). Ал эми айтып отурушса, кантип итатайың тутулбайт?. Мышыктын өлүгүн көрөйүн, ушундан кийин мышыкты көрсөм эле итатайым тутулуп, бүткөн боюм дүрүлдөй түшөт (Борбиев). Бирок, ошентсе да, тигинин итатайы тутулуп, бир топ мазесин кетирүүгө жарады (Исмаилов). В.: Итатайы тута түшүү. Анын да итатайы тута түштү: силерди ким чакырды? Кеткиле азыр!... (Жигитов). Итатайы кармоо. Менин да итатайым кармай калып, чалга терс аяктык кылдым (Жигитов). Итатайы келүү. Чынын айтсам, анын мамилесине итатайым келип кетти (Бердикеев).