Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Адамдар үй, короо кайтартуу үчүн, мергенчиликке алып чыгуу үчүн ж. б. максаттарда пайдалануучу карышкырлар тукумуна кирүүчү үй айбаны. Баш көтөрүп ит үрбөйт, Калгандай жини кагылып (Жантөшев). Короочу иттердин анда-санда үргөнү болбосо, түн тынчтыкта (Каимов). Ит агытып, куш салган, Сөөлөттү мага ким койду (Бөкөнбаев). 2. Мүчөлдүн он биринчи жылынын аты. 3. Жаман көргөндүгүн, жамандыгын билдиргенде, тилдегенде, жекиргенде ж. б. колдонулат. Жок экен аба, жок экен, Акыл иттин намысы (Жантөшев). Жаман менен жакшыга, Жалакор болсоң ит болдуң (Токтогул).