ИТ МЕНЕН МЫШЫКТАЙ
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Бири-бирине абдан өч, ынтымагы жок. Ал экөөнүн ымаласы ит менен мышыктай экенин өзүң деле байкап калгандырсың? (Саатов). – Зулайка менен келини ит менен мышыктай деп уктум эле, – деди Шайлоо жолдо бара жатканда шоферуна карата үн катып, – мамилелери оңдолушкан го дейм, ыя? (Медетов). Бирин-бири жактырбаган ит арка, тим эле ит менен мышыктай ыркырашкан немелер экен (Бердикеев).