Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. Организмдеги минералдардын алмашуусунун бузулуу натыйжасында сөөк жана нерв системаларындагы өнүгүштүн бузулушу менен мүнөздөлүүчү балдардын оорусу, рахит. А балдарынын көбү териси сөөгүнө жабышып, куу далы ийнеликтей чилмийип, итий деген ооруга жолугушчу (Сыдыкбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Организмдеги минералдардын алмашуусунун бузулуу натыйжасында сөөк жана нерв системаларындагы өнүгүштүн бузулушу менен мүнөздөлүүчү балдар оорусу, рахит. «Д» витамини жетишсиз болсо, итий оорусу пайда болот («Ден соолук»). А балдарынын көбү териси сөөгүнө жабышып куу далы, ийнеликтей чилмийип итий деген ооруга жолугушчу (Сыдыкбеков).