ИТ БАЛДАК
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Колдорун суудан чыгара кулач таштап, кенен шилтебей, алдын карай челе таштап чабак уруунун, сууда сүзүүнүн бир ыкмасы, түрү. 2. Арышын керип, арышын кере-кере таштап, улам кызый чуркоо деген мааниде (көбүнчө жылкыга карата) колдонулат. Учкаша минген бууданы, Ит балдак уруп келатат («Меңдирман»). Ит-Кечпестин Кара-Суу, Ит балдак уруп жоголду («Семетей» С. К.).