ИТЕР
Краткий этимологический словарь кыргызского языкаБул сөз ит+ар морфемаларынан куралган. Ит этишинин өзү эле байыркы түрк тилинде «түрт» маанисин берген (ДТС, 215). Азыркы кыргыз тилинде ит этиши андай мааниде айтылбайт. Болжолу, байыркы кезде ит этишинин өзүнчө колдонулушу айрым түрк тилдеринде мүчүлүш боло баштап, ага -ар мүчөсү жалганган түрү гана айтыла турган болуп калган. Натыйжада итер сөзүнүн мааниси алгачкы ит уңгусу берген мааниге барабар келип калган. Чындыгында -ар мүчөсү жалганган сөз ошол этиштин аркылуу мамилесинин маанисин бермек. Мындай -ар мүчэсү азыркы чык-чыгар, быш-бышар сыяктуу этиштерде катышат.