ИТ-ӨЛӨР Энциклопедия "Манас". ч.1. ИТ-ӨЛӨР — топоним. Каныкей Тайторуну чапканда байгеге кошулган күлүктөр басып өткөн чөл. «Ашып түшсө ар жагы Ит-Өлөрдүн чөлү ошол» (Саякбай Каралаев, «Семетей», 1. 89).