Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Уят болуу, жаман абалда калуу, шермендеси чыгуу. Кагылып кетейиндер, мен ит болдум, өлтүрө көрбөгүлө, мал-башым тартуу (Саатов). Айттымбы, болду, ошондо өзүңөр ит болосуңар! Карап тургула! (Айтматов). Прицепти кайра сүйрөтүп, кайсыл бетим менен барам? Ит болдум, куш болдум, ушул ишке туш болдум (Айтматов).