ИТ ТАРТЫШ
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Аркандын эки учуна эки киши байланып алып, белгилүү чектен ашыра бири-бирин сүйрөп тартып кетүүчү улуттук оюн, аркан тартмай. Башташып мындан кийин ит тартышты, Аркандап сүйрөп жатты бири-бирин (Маликов). Атала баш ит тартыш, Андан кийин жөө жарыш («Манас»). 2. Ич ара пикир келишпегендик, ыркы жоктук, ынтымаксыздык. Эми көрүп алабыз, ордодо дагы ит тартыш чыгат (Касымбеков). Ит тартышы бүтчү беле ордоңуздун! – деди Бекназар (Касымбеков).