Киргизско-русский словарь Юдахина
эт I
1. мясо (как пищевой продукт);
кандуу эт мясо с кровью (свежее, которым кормят ловчую птицу, чтобы она жирела);
сулп эт мякоть (мясо без костей, отделённое от костей);
койдун эти баранина;
уйдун эти говядина;
тооктун эти курятина;
чочконун эти свинина;
жылкынын эти конина;
жылкынын ич эти съедобные внутренности конской туши;
тоң эт мёрзлое мясо (считается невкусным и малопитательным);
тоң эт берип, буй кылам фольк. давая (ему) мёрзлое мясо, я изведу (его);
теринин эт жагы изнанка шкуры; сторона мездры;
аюунун терисин эт жагынан сүйрөп волоча шкуру медведя изнанкой вниз (т.е. изнанкой по земле);
эт комбинаты мясокомбинат;
эт продуктылары мясопродукты;
эт-сүт продуктылары мясо-молочные продукты;
эт даярдоо мясозаготовки;
2. варёное мясо (как особое блюдо);
эт жедик мы ели мясо;
3. тело;
эт этиме тийген катыныма баркым жок погов. нет мне почтения от жены, тело которой касалось моего тела (т.е. другие ко мне могут относиться с почтением, а жена - запросто, может бранить и т.п.);
этине келген (о ловчей птице, о скаковой лошади) тренированный, готовый к охоте или к скачкам (букв. пришедший в надлежащее тело);
эттен түш- или эттен кал- похудеть, спасть с тела;
этинен калган ат похудевшая лошадь;
мал этинен түшпөсүн чтобы скот не спал с тела;
этинен калган аттар бар фольк. есть кони, спавшие с тела;
эти качкан он похудел;
балык эт всякая мышца, своей формой напоминающая двуглавую;
балык эти баладай, туяктары чарадай фольк. (о богатырском коне) мышцы у него величиной с ребёнка, копыта - с большую чашку;
кыр арканын балык эт фольк. мышцы, расположенные вдоль позвоночника;
май куйруктун балык эт фольк. мышцы седалища;
кызыл эт бала младенец, малыш;
кызыл эт музоо новорождённый телёнок;
кызыл эт кал- быть начисто обобранным;
кызыл эт көз глаз с покрасневшими веками (от болезни, от старости);
эти тирүү бойкий, энергичный;
эти тирүү бала бойкий паренёк;
балыр эт (о детях) рыхлый;
эти ачышпайт он не проявит жалости;
элдин бардыгы кырылып калса да, эттери ачышпайт если бы даже весь народ был истреблён, они не пожалеют;
эт баш глупый, несообразительный;
эт менен челдин ортосунда оокат кылып жүрөт он живёт так себе, ни сыт ни голоден;
ич этинен на голое тело;
ич этинен суп көйнөк ошол кемпир кийчү эле фольк. на голое тело холщёвое платье та старуха надевала;
эти кызып (он) разгорячившись;
эти кызып алыптыр, куштай учуп калыптыр фольк. (конь) разгорячился и полетел, как птица;
жан этин жеген он много претерпел;
эти этине батпай несказанно радуясь;
эт жууркан одеяло с подшитой к его верхнему концу (который идёт под голову) простынёй (она бывает и очень короткой);
эт-кат (о человеке) близкий, родственный;
эт-кат киши близкий человек;
эт-бетинен жыгылды он грохнулся ничком;
эт-бетинен жатып лёжа вниз лицом;
эт-бетинен сула- беспомощно повалиться; распластаться, упав ничком;
эси кетип, элдиреп, эт-бетинен сулады фольк. он потерял сознание; ослаб и повалился ничком;
эт-бетинен кет- или эт-бети менен кет-
1) дорваться, с жадностью наброситься;
2) принять с большой радостью, с захлёбом (напр. предложение);
эт-бетинен кетип, эзилишип сүйлөшүү разговор с одобрительными ахами и охами;
"эт" дегенде бет барбы см. бет 5;
иттин этин жегизип см. жегиз-;
жүрөгүнө (жүрөгүмө) эт барбайт см. жүрөк;
арам эт см. арам I;
эт бышым см. бышым.
эт- II
(см. нет-) вспомогательный глагол производить действие;
кыбыр этти он чуть шевельнулся;
чырт этти треснуло (раздался треск);
шалк (или шалп) этип жыгылды он шлёпнулся;
жылт этти, жылгадан ашты загадка блеснула, через ложбину переправилась (отгадка ийне игла);
чырм этпей не вздремнув;
уурдабай этпей эле, качып кеткен он убежал, не украв и ничего такого не сделав;
мас болбой этпей эле, тилдешип сүйлөөлөр адатка сиңген у них вошло в привычку разговаривать с бранью, хотя они не пьяны н ничего такого;
эч нерсе болгон эткен жокмун со мной ничего не приключилось;
ийненин көзүндөй таасир эте албайт никакого влияния не окажет.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I зат. 1. Жаныбарлардын сөөгүнө жабышкан дене ткандары. Этке чыккан жара. Дененин булчуң эттери. Этиң калып көк жашык, Каның калган бир кашык («Манас»).
2. Союлган малдын, аңдын, канаттуунун, балыктын ж. б. азык-түлүк үчүн колдонулган (желе турган) ушундай дене заты. Манапты ээрчип эт жеген Мадырайган соргогум (Токтогул). Койдун эти. Балыктын эти. Үй куштарынын эти. Сүр эт.
3. Ар кандай жемиштердин, бакча өсүмдүктөрүнүн желе турган жумшак заты.
4. Дене, бүткөн бой. Көйнөгүм жок, жылаңач, Куур тонум этимде («Жазгыч акындар»).
Балык эт — жаныбарлардын, адамдын кыр аркасына бойлото кеткен эти. Кыр арканын балык эт, Жара чаап жиберди («Манас»). Ич эт — союлган малдын ичеги-карды, боору, жүрөгү, бөйрөктөрү ж. б. сыяктуу ички эттери. Тору этине толбоо — арыктап, баштагы этине, мурунку калыбына келбөө. Табылды оорудан аман-эсен айыгып, тору этине толо албай, баштагыдай боло албай жүрдү («Эр Табылды»). Эт көйнөк — ич көйнөк, ичтен кийүүчү ак көйнөк. Жаш баланы атасынын эт көйнөгүнө ороду (Сыдыкбеков). Эт менен челдин ортосунда болуу к. чел. Эт бышым — эт бышканчалык, болжол менен эки саатчалык убакыт. Эси эндиреп Табылды Эт бышымдай жатты эми («Эр Табылды»). Эти тирүү — тың, чыйрак, бышык. Ал эти тирүү бала болучу (Жантөшев). Боор эт менен тең болуу — абдан жакын, сүйкүмдүү көрүнүү, кымбат сезилүү. Бала боор эт менен тең болот (Байтемиров). Эти ачынуу — ачуусу келүү, жини келүү. Ал тил угуп, эти ачынып калды (Сыдыкбеков). Кызыл эт — жаңы төрөлгөн бала, жаныбарлардын балдарынын жаңы туулган кездегиси, канаттуулардын жүнү чыга элек балапаны. Балтыр эти же борбуй эти толуу — эр жетүү, жигит болуу. Балтыр эти толо элек, Балбан чагы боло элек («Манас»). Борбуй эти толо электе оор эмгек, кайгылуу турмушту өткөрүп чоңойду (Баялинов). Эт-бетинен кетүү — бир нерсеге кызуу, жандуу аракет кылуу, жандуу киришүү. Эт-бетинен кетип эзилише сүйлөшүү.
ЭТ II этиш. Кыймыл-аракеттин болушун, бир нерсенин иштелишин билдирүүчү көмөкчү этиш. Эмгек этип жашыңдан, Элге жаксаң эң кызык (Токтогул). Чоң эне азыр жай сүйлөп, небересине өткөндү баян этти (Сыдыкбеков). Чоңдордун жемеси Орусбектин сезимине таасир этти (Сыдыкбеков). Карагай таш тийгендей солк этти (Аалы). Машина лып этип келип токтой калды (Жантөшев). Каныбек акырын гана күңк этип койду (Жантөшев). Мылтыктын тарс эткен үнү чыкты (Баялинов).

Орфографический словарь кыргызского языка (Карасаев)
эт, этти, эти
эт азыктары
эт-аш
эт баш
эт-бети менен
эт-бетинен
эт бузуу (жиликтөө)
эт бышым
эт бышым (убакыт)
эт жүрөгү эзилүү
эт кoмбинаты
эт консервасы (а. ч.)
эт көйнөк
эт менен челдин орто сунда
эт-сөөк уну
эт-сүт
эти ачынуу
эти ачышуу
эти-бетинен кетүү
эти жок (арык)
эти качуу (арыктоо)
эти кызуу (аттын)
этинен түшүү
эти оору (толготуу)
эти ооруп калуу
эти от менен жалын
эти тирүү
эти-башы ооруп (толго туп)
эттен түшүү

Русско-кыргызский словарь Юдахина
разг.
1. нареч. (так, вот как) мындай, мындайча, мына мындай, минтсек, андай, андай болсо;
сделай этак мына мындай кыл;
и так и этак мындай да, андай да; антсе да, минтсе да; мындайча да, андайча да;
я думал так и этак мен ары да, бери да ойлодум; ары ойлодум, бери ойлодум;
2. в знач. вводн. сл. (примерно, приблизительно) болжолу, божомол, -че болот;
километров, этак, двести болжолу эки жүз километрче, эки жүз километрче болот.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
м.
1. тех. эталон (кандайдыр өлчөмдөгү куралдардын өтө так жасалган үлгүсү, аны менен пайдаланылып жүргөн өлчөгүч куралдардын тууралыгын текшерет);
эталон метра метрдин эталону;
2. перен. (мерило) даяр бычым, даяр ченем.

Кыргызско-русский словарь банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Эталонный портфель (Бенчмарк) (Benchmark Portfolio Benchmark) —Эталонный инвестиционный портфель – это нейтральный теоретический портфель управления международными резервами, который построен на реальных видах инвестиций и является легко реализуемым на рынке. Эталонный портфель создается для инвестиционных активов и регламентирует набор и структуру активов (видов инвестиций) и максимальную срочность для инвестиционного актива. Иногда вместо эталонного портфеля используется бенчмарк.  

Русско-кыргызский словарь и глоссарий банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Эталондук портфель (Бенчмарк) (Benchmark Portfolio Benchmark) —Эталондук инвестициялык портфель – бул, эл аралык камдарды тескөөнүн нейтралдуу теориялык портфели, ал инвестициялардын реалдуу түрлөрүндөтүзүлүп, рынокто оңой ишке ашырылат. Эталондук портфель инвестициялык активдер үчүн түзүлүп, активдердин (инвестициялардын түрлөрүнүн) топтомун жана түзүмүн ошондой эле, инвестициялык актив үчүн максималдуу мөөнөттүүлүктү жөнгө салат. Айрым учурда эталондук портфелдин ордуна бенчмарк колдонулат.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
м.
1. этап (бир процесстин өнүгүшүнүн бир кесинди бөлүгү, бөлүкчөсү);
2. воен. этап (войсколордун жолундагы дем алуучу жана жабдуучу пункуту);
3. уст. (группа арестованных) этап (камалгандардын башка бир жакка жиберилүүчү тобу);
4. спорт. (отрезок дистанции) этап (жарыш, мелдеш болуучу дистанциянын бир бөлүгү);
по этапу или этапом уст. конвой (кембай) менен, этап менен айдоо (камактагыларды).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кандайдыр бир кыймылдын, процесстин өнүгүүсүнүн мезгилдик бир бөлүгү, сапаттык жактан айырмалоого мүмкүн болгон баскычы, өзгөчөлүктүү учуру. Эл чарбасын өнүктүрүүнүн жаңы этабы.

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Бир нерсеге өтө дилгир экенин билдирүү аябай үзүлүп түшүү. Командировка десе эт-бетибизден кетип, абдан талашабыз го («Ала-Тоо»). Байкеңкине барып кел десем эт-бетинен кетти (Бердикеев). 2. Өтө жакшы көрүү, жан дили менен мээримдүү кабыл алуу. Ата да, эне да балам деп эт-бетинен кете турган болот (Мырзаев). -Жезде, болуш эт-бетинен кетип ыраазылыгын билдирбеди, - деп таарынбаңыз (Бейшеналиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Бир нерсеге өтө дилгир экенин билдирүү, аябай үзүлүп түшүү. Командировка десе эт-бетибизден кетип, абдан талашабыз го («Ала-Тоо»). Байкеңкине барып кел десем эт-бетинен кетти (Бердикеев). 2. Өтө жакшы көрүү, жан дили менен мээримдүү кабыл алуу. Ата да, эне да балам деп эт-бетинен кете турган болот (Мырзаев). – Жезде, болуш эт-бетинен кетип ыраазылыгын билдирбеди, – деп таарынбаңыз (Бейшеналиев). В.: Эт-бети менен кетүү. Сабыр бул жолку саякатка сүйүнүп, эт-бети менен кетти (Жусупов). Эт-бетинен жыгылуу. Ушу китеп дегенде өмөчөктөп эт-бетиңден жыгылып түшчү элек (Медетов). Эт-бетинен түшүү. Кузгундай эт-бетинен түшө калып, эти менен сөөгүн таразалап (Көчкөнов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кыргыздын эски убакыт ченеми. Эт бышкыча кеткен убакыт (1–1,5 саат убакыт). Эт бышымга курган жан («Семетей» С. К.). Эси эндиреп Табылды, Эт бышымдай жатты эми («Эр Табылды»). – Ашыкпаңыз. Сары-Үңкүрдүн белесин эт бышымда ашып, тез эле жетем (Бейшеналиев). Каалашса акындар чай кайнам, эт бышым жамактатып ташташат (Токтогул).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Турмуш-тиричилиги оңолуу, бир нерсеге жетишип кеңеле баштоо. Этегиң эми бүтөлдү го, кайда эле жарыган неме элең, – деп каарып кирди (Абдукаримов). В.: Этеги узаруу. Мага келип, мени менен коңшу болгон соң гана ушинтип этегиң узарып отурат (Үмөталиев). Баары бир этеги узарбайт, тумшугу жарыбайт шум баланын (Осмоналиев). Этеги эки болуу. – Ошол он-он беш тыйынга этегиң деле эки болуп кетпеди го, Аписа... (Жусупов). Эки-экиден чабышып жүрүп алардын этеги эки болдубу (Осмоналиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Мүңкүрөп көз каранды болуу, колдон түшүп сурануу, кечирим суроо. Башкарма мүчөлөрү анын этегине жыгылып, жалынып-жалбарат деген ойдо эле (Ашымбаев). Эркек башың менен эрди-катындын этегине жыгылып «элчилик» сурадың (Эралиев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Мүнкүрөп көз каранды болуу, колдон түшүп сурануу, кечирим суроо. Башкарма мүчөлөрү анын этегине жыгылып, жалынып-жалбарат деген ойдо эле (Ашымбаев). Эркек башың менен эрди-катындын этегине жыгылып элчилик сурадың (Эралиев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Бирөөгө сыйынуу, айткан-дегенинен чыкпай аябай көзүн кароо, көшөкөрлөнүү, кошомат кылуу, кулдук уруу. Башкарма боло электе өз агасы Мендирман Шоорук менен Бердибайдын этегине намаз окуган көшөкөрү эле (Сыдыкбеков). Нөкөн менен өмүр шерик болмок түгүл, этегине намаз окууга тура чуркоочуларды жок деп ким айта алат (Үмөталиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бирөөгө сыйынуу, айткан-дегенинен чыкпай аябай көзүн кароо, көшөкөрлөнүү, кошомат кылуу, кулдук уруу. Башкарма боло электе өз агасы Мендирман Шоорук менен Бердибайдын этегине намаз окуган көшөкөрү эле (Сыдыкбеков). Нөкөн менен өмүр шерик болмок түгүл, этегине намаз окууга тура чуркоочуларды жок деп ким айта алат (Үмөталиев). Көбү бөрк ал десе баш алган, өздөрүнөн төмөнкүлөргө кыргыйдай тийип, өйдөдөгүлөрдүн этегине намаз окуп, таазим кылган немелер (Жигитов). В.: Этегине таазим кылуу. Сени жаман жоруктан таза сактап калгандары үчүн экөөнүн тең этегине таазим кыла турган жөнүң бар (Айтматов). Этегине тооп кылуу. «Ыйыкмын, бу ар кошкон букара түбөлүккө этегиме тооп кылат деп билген, ага астейдил ишенген (Касымбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Төрөө, балалуу болуу. Ага жараша кудай этегинен жалгап койсо, Гүлбүбүнүн үй-жайдын ээси жеке өзү болоруна шек жок (Сыдыкбеков). Экөө эки ууртаган соң, Ак Эрке чынынын түбүндөгү калган сууну «этектен жалгасын!», «Очогунан жалгасын!» деп ырым кылып, оттун боюна тегерете сээп салды (Касымбеков). Жамийла этегинен жалгап, эркек балалуу болду (Сыдыкбеков). Оюңузда болсо аны жасай бериңиз. Этегинен жалгаса, жардыдан мураскер тапсаңыз, ырыскыңыз ошо (Матисаков).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Төрөө, балалуу болуу. Ага жараша кудай этегинен жалгап койсо, Гулбүбүнүн үй-жайдын ээси жеке өзү болоруна шек жок (Сыдыкбеков). Экөө эки ууртаган соң, Ак Эрке чынынын түбүндөгү калган сууну «этегинен жалгасын!», «Очогунан жалгасын!» деп ырым кылып, оттун боюна тегерете сээп салды (Касымбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Туткактап коё бербөө, бура бастырбоо, уйгактай жабышуу. Чурулдаган калк алардын этегине эрмешип, жакасына жармашты («Ала-Тоо»). В.: Этек-жеңине жармашуу. Берки экөө Букарбайдын этек-жеңине жармаша көкөйүндөгүлөрүн ажылдап бучкакташты (Бейшеналиев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Бирөөгө сүйөнүп, аны кара тутуу, ага ишенүү, ошонун жардамын көрүү деген мааниде. Каленжан, мындан ары ушул турган көпчүлүк сенин этегиңди кармамакчы (Укаев). Көнгөнүңдөй казалын көчүрүп, таркатып, кат-сабатыңды арбытып, Молдокеңдин этегин карма, - деп атам жиберди (Бейшеналиев). Бакы менен куда-сөөк болуп этегин кармасам, чамгарагыман кут түшпөйбү (Осмоналиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бирөөгө сүйөнүп, аны кара тутуу, ага ишенүү, ошонун жардамын көрүү деген мааниде. Каленжан, мындан ары ушул турган көпчүлүк сенин этегиңди кармамакчы (Укаев). Көнгөнүңдөй казалын көчүрүп, таркатып, кат-сабатыңды арбытып, Молдокеңдин этегин карма, – деп атам жиберди (Бейшеналиев). Бакы менен куда-сөөк болуп этегин кармасам, чамгарагынан кут түшпөйбү (Осмоналиев). Башкарманын этегин кармап иш кылдым («Ала-Тоо»).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Эч жакшылык көрбөө, оңолуп кете албоо, жарыбоо, өтө начар абалда болуу. -Кептин баары ошо этеги тизесине жетпеген куу туяк Молдодо (Бейшеналиев). Өмүрү этегиң тизеңе жетпей, колуң ашка жетпей, кадам сайын бутуңдан каргыш чалып, куурап жүрүп өт (Байтемиров).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Эч жакшылык көрбөө, оңолуп кете албоо, жарыбоо, өтө начар абалда болуу. – Кептин баары ошо этеги тизесине жетпеген куу туяк Молдодо (Бейшеналиев). Өмүрү этегиң тизеңе жетпей, колуң ашка жетпей, кадам сайын бутуңдан каргыш чалып куурап жүрүп өт (Байтемиров). В.: Этеги толорсугуна жетпөө. Ал деле этеги толорсугуна жетип жыргап кеткен жери жок («Чалкан»). Этеги жерге жетпөө. Ысактын деле этеги жерге жеткен жери жок («Ала-Тоо»). Этеги такымына жетпөө. Этеги такымына жетпеген куур тондор төбөгө чыкты го? (Каимов). Этеги узарбоо. Жарытылуу эмгек кылып, маңдайыңдан тер чыкпай этегиң өзү эле узарбайт («Ала-Тоо»). Этеги эки болбоо. Көлгө барганыңар менен этегиңер эки болбойт, – деп бизди азгыра баштады (Турусбеков). Ошондо деле этегим эки болгон жок («Ала-Тоо»).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Чын ыкласы, бүт мүмкүнчүлүгү менен, тыным албай, аябай эмгек кылуу. Эне бечара келин алганына жетине албай этеги элек, жеңи желек болуп иштеп жүрдү («Кыргызстан маданияты»). Деги жек көргөн кишисин да эрите сүйлөп, этеги элек, жеңи желек болгон элпек мамилеси менен жайлаган атасы кыйын эле дешет (Бейшеналиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Чын ыкласы, бүт мүмкүнчүлүгү менен, тыным албай, аябай эмгек кылуу, кам көрүү. Эне бечара келин алганына жетине албай этеги элек, жеңи желек болуп иштеп жүрдү («Кыргызстан маданияты»). Деги жек көргөн кишисин да эрите сүйлөп, этеги элек, жеңи желек болгон элпек мамилеси менен жайлаган атасы кыйын эле дешет (Бейшеналиев).

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. подол; пола;
кош этек подол с воланом;
этегин кайра түргөн чак фольк.
1) момент, когда он подвернул полы (заткнув их за кушак, за пояс);
2) перен. момент, когда он остался пешим;
этегиң түрүнүп, эми кайда барасың? фольк. теперь, подвернув полы, куда ты пойдёшь?
түп этектен ал- крепко схватить за полу;
этектен карма- схватить за полу;
этектен кармат-
1) дать схватить себя за полу;
2) перен. быть схваченным с поличным, попасться;
эт уурдап баратканда этектен карматып койду он попался, когда шёл с ворованным мясом;
бөрү этектен, жоо жакадан алганда погов. когда волк за полу, а враг за воротник хватает (когда беды нагрянут со всех сторон);
2. низ, подножие;
монументтин этек жагы нижняя часть, цоколь монумента;
тоо этеги подошва горы, угорье;
чокусунда кары бар, этек жагы этекте бийик чыккан талы бар фольк. на вершине там снег есть, внизу у подножия высокий тал есть;
ак этек тяньш. кайма на концах тегирич'а (см.);
этегин карма- или этегин карман- следовать за кем-л.; надеяться на чью-л. защиту (букв. держаться за его полу);
менин этегимди карма следуй за мной, надейся на мою защиту (букв. держись за мою полу);
этек кармаш- жить друг с другом в дружбе (букв. держаться за полы друг друга);
этек-жеңин кагып или этек-жеңин кагынып обозлившись (букв. встряхивая свои полы);
чалма этек (о женщине) грязнуля, замазуля, неряха;
алма этек (о женщине) опрятная, аккуратная;
алма этекти аламын деп, чалма этектен айрылдым погов. погнался за большим, да и малое потерял (букв. хотел взять опрятную, да и неряхи лишился);
чолок этек (букв. короткополый) уст. шутл.
1) киргиз, надевший европейский костюм;
2) советский работник-киргиз;
төмөн этек тяньш. уст. женщина;
этеги тизесине (или толорсугуна или жерге) жетпеген или этеги эки болбогон никудышный, захудалый (о человеке, у которого хозяйство в плохом состоянии);
этегиң жерге жетпесин! чтоб тебе добра не видать!;
этеги эки болбоптур (от этого) у него не прибавилось; он ничего не получил;
ашыккан кыз эрге жетпейт; эрге жетсе, этеги жерге жетпейт погов. торопливая девица мужа не получит, если же и получит мужа, никудышной будет;
этеги жерге жетеби? разве он (хозяйство) поднимет? (где уж там!);
этеги жайык простак, добряк;
этегине намаз окуган он перед ним угодничал;
этек-жеңи тайкы бедноватый;
эки этек, бир таяк неимущий (букв. две полы один посох);
этек-жеңи кең или этек-жеңи жайылган живущий привольно и в полном довольстве;
баягы этек-жеңим жайылып жаткан кезим тогда, когда я был в полной силе и (жил) в полном довольстве;
этек-жеңи узарган у него жизнь пошла на лад (во всех отношениях);
этек-жеңи узарбаган незадачливый и бедный;
этегиң толгон тура да у тебя, я вижу, добра невпроворот;
байлыкка толуп турат этек-жеңиң стих. богатства у тебя через край;
этек-жеңи ырыска малынды он живёт в полном довольстве;
куу этек голь перекатная;
жыртык этек оборванец, бедняк;
этегиң жерге тийгизбе держись бодро (букв. не давай своим полам касаться земли);
этеги суюк (о женщине) недомоседка, ветреная;
этеги ачык (о женщине) нецеломудренная;
этектен жаңыл- (о женщине) допустить случайную половую связь; изменить мужу;
этегинен жаңылып, күйөөсүнүн бетине жүзү карарып калган она изменила мужу, и ей стыдно было перед ним;
этегин жаза баскан он с ней совершил прелюбодеяние;
кудай этегинен жалгабаган (о женщине) бог не дал ей детей; она не родила;
этегинен жалгаса, болгону довольно уже того, если она родит; довольно уже того, если у неё будут дети;
этегиңден жалгасын! (пожелание женщине) желаю вам ребёнка!;
этегимден кан чыкпай, шордуу башым канттим? фольк. я не рожала детей (букв. мой подол не окровавливался), что, мол, делать моей несчастной головушке?
этегине жамын- прибегать к чьему-л. покровительству;
этегинин алдынан чыгуучу эмес элең ты ведь у него из подчинения не выходил;
этегин кармаар эр молодец, на защиту которого можно положиться; молодец, который может помочь в беде;
этек какты (или тебетей салды) кылып чогултабыз понемногу соберём, с миру по нитке соберём (напр. чтобы оказать кому-л. помощь);
этек жыртыш этн. раздирание полы (если в юрту, где только что родился ребёнок, случайно входил мужчина, то находящиеся в юрте женщины разрывали ему правую полу одежды, если родился мальчик, или левую - если девочка);
баш-этекти жыйнап ал-привести в порядок;
этек кир рубашечное (менструация);
этеги бүтөлүп, жеңи узарды см. бүтөл-;
чач этектен бол- см. чач I;
этек кап- см. кап- III 2;
эндей этек см. эндей.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Кийимдин, үзүктүн ж. б. нерселердин төмөн жагы, аяккы бөлүгү. Этекти кессең жең болбойт, Эзелки душман эл болбойт (макал). Аттаганда тонумдун этеги бутумун учуна оролуп калды (Элебаев).
2. Тоонун, адырдын, бөксөнүн ж. б, эңкейиштеп, жантайып түгөнгөн жери, түгөнүшү. Көк түтүн каптап, чаң ызгып, Көрүнбөй тоонун этеги (Бөкөнбаев). Кыштактын бир учу түндүк тарапка созулуп кетсе, бир учу тоонун этегине чейин барат (Таштемиров).
Этегинен жалгоо — балалуу болуу, бала төрөө. Жамила этегинен жалгап, эркек балалуу болду (Сыдыкбеков). Этегин кармоо — бирөөгө жамынуу, таянуу, ишенүү. Башкарманын этегин кармап иш кылдым («Ала-Тоо»). Чалма этек —үй оокатын, кийим-кечесин тың күтө албаган, жүдөө, булганч (аялдарга карата). Алма этекти алам деп, чалма этектен айрылдым (макал). Этегине намаз окуу — бирөөгө кошомат кылуу, жагынуу. Этеги же этек-жеңи жайылуу — иши оңолуу, оокаты, байлыгы кенелип, бейпилчиликте жашоо. Этеги суюк — ойношчул, жүрдөөк. Этек кир — айыз, менструация. Этеги такымына жетпөө, этеги узарбоо же этеги эки болбоо — турмушу оңолбоо, жарыбоо.

Орфографический словарь кыргызского языка (Карасаев)
этек, этеги, этекке
этеги бүтөлүү
этеги жыртылуу
этеги суюк
этеги тизесине жетпөө
этеги эки болбоо
этеги элек, жеңи же лек болуу
этегин ачуу
этегин кармоо
этегине жамынуу
этегине намаз окуу
этегинен жалгоо
этек алдынан
этек-жең
этек-жеңи жайылуу
этек-жеңине жарма шуу
этектен алуу
этек кир

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Кийимдин, үзүктүн ж. б. нерселердин төмөн жагы, аяккы бөлүгү. Этекти кессең жең болбойт, Эзелки душман эл болбойт (макал). Аттаганда тонумдун этеги бутумун учуна оролуп калды (Элебаев). 2. Тоонун, адырдын, бөксөнүн ж. б. эңкейиштеп, жантайып бүткөн жери. Көк түтүн каптап, чаң ызгып, Көрүнбөй тоонун этеги (Бөкөнбаев). Кыштактын бир учу түндүк тарапка созулуп кетсе, бир учу тоонун этегине чейин барат (Таштемиров). Этек жагы Бурканга, Этектеп малын айдаган (Казыбек). Ошол түнү жолу оңолбос Жаабарс бийик ашуунун этегинде убайымга ууланып турду (Айтматов).

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Кийимдин, жерге жакын төмөн жагын этек дейбиз. Бул сөз – байыркы атак «бут» сөзүнүн а тыбышы э тыбышына алмашкан варианты. Анткени байыркы түркчө адак сөзү атак да болуп айтылган (ДТС, 66). Ал азыркы кыргызча айак (аяк) сөзүнө туура келет. Кийимдин этеги аягы да болуп эсептелет. Ушул себептен байыркы атак сөзү үндүүлөрүн өзгөртүп, этек түрүнө келүү менен, айак сөзүнөн башкача маани берип калган.

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Бала-чакалуу болуу, укум-тукуму өсүү. Бүбүнүн этек-жеңи жайылып, очор-бачар болуп отурат (Жантөшев). Анын этек-жеңи жайылып байбиче болоюн деп, азыр ай-күнүнө жетип калыптыр (Сыдыгалиев). 2. Иши оңолуу, бардар, бейпил турмушта жашоо. Айнагүл чатырап гүлдөп, этек-жеңи жайылып кулпуруп турган чагы да (Сыдыкбеков). Жетишпестик жоголуп, Жайылган кез этек-жең (Үмөталиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Бала-чакалуу болуу, укум-тукуму өсүү. Бүбүнүн этек-жеңи жайылып, очор-бачар болуп отурат (Жантөшев). Анын этек-жеңи жайылып балпайып байбиче болгон кези. 2. Иши оңолуу, бардар, бейпил турмушта жашоо. Айнагүл чатырап гүлдөп, этек-жеңи жайылып кулпуруп турган чагы да (Сыдыкбеков). Жетишпестик жоголуп, Жайылган кез этек-жең (Үмөталиев). В.: Этеги жайылуу. Анын үйүнө барганда этеги жайылып жыргап калат (Медетов).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. 1. Кийимдин этегинен алуу, этектен кармоо. Батыш эшикке чыгып бараткан эрин этектеп кармап калды (Байтемиров).
2. өт. Акидей асылып сурануу, тиленүү. Жолоочуну өткөрбөй, Этектейсиң ач көздүк (Барпы).
3. Тоонун ж. б. этеги, эңкейиштеп түгөнгөн жери менен жүрүү, этектерге конуу ж. б. Кызыл тоону этектеп, Кыргыек салып кеткенби (Тоголок Молдо).

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. держать или хватать за полу, за подол;
Ажардын артынан калбай, этектеп жүрө турган (ребёнок) не отставал от Аджар, ходил, держась за её подол;
2. перен. приставать, привязываться;
аны этектей калып, карыз акча сурап приставая к нему и прося в долг денег;
"арзан буюмду алгыла" дешип, өткөн-кеткенди этектеп кыйкырып турушат они, приставая к прохожим, кричат, мол, купите дешёвую вещь;
бөрү этектеп, жоо жакалап келатканда погов. когда волк за полу, а враг за воротник хватает (когда беды нагрянут со всех сторон);
3. расположиться у подножия горы; двигаться вдоль горы или по подножию горы;
Кара-Тоону этектей кономун я расположусь у подошвы Каратау;
тоо этектей түш- спускаться по склону горы к её подошве;
тоо этектей кетти он отправился по подножию горы.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Кийимдин этегинен алуу, этектен кармоо. Батыш эшикке чыгып бараткан эрин этектеп кармап калды (Байтемиров). 2. өт. Акидей асылып сурануу, тиленүү. Жолоочуну өткөрбөй, Этектейсиң ач көздүк (Барпы). 3. Тоонун ж. б. этеги, эңкейиштеп түгөнгөн жери менен жүрүү, этектерге конуу ж. б. Кызыл тоону этектеп, Кыргыек салып кеткенби (Тоголок Молдо).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Абдан жакшы көрүү, элжирөө, кандайдыр бир жакшы сезимден улам ыракаттануу. Ал башынан өткөн тарыхын айтып отурганда жигиттин эт жүрөгү элжиреди (Жантөшев). Бурч-бурчтан жаңырык чыгарган коңгуроолордун үнүнө чоң эненин эт жүрөгү элжиреди (Каимов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Катуу кордук көрүп, жаны кейүүдөн аябай ыза болуу, ардыгуу, жаны кашайып ачуусу келүү. Эти ачынган Батийна тилин тарткан жок (Сыдыкбеков). Ал тил угуп, эти ачынып калды (Сыдыкбеков). Тунгуч эти ачынып, ансайын күчөдү (Осмоналиев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Катуу кордук көрүп, жаны кейүүдөн аябай ыза болуу, ардыгуу, жаны кашайып ачуусу келүү. Эти ачынган Батийна тилин тарткан жок (Сыдыкбеков). Ал тил угуп, эти ачынып калды (Сыдыкбеков). Тунгуч эти ачынып, ансайын күчөдү (Осмоналиев).

Киргизско-русский словарь Юдахина
ар.
внимание;
этибарга алган жок он не принял во внимание; он не придал значения;
эч кимиси этибарга албады никто из них не обратил внимания;
этибарга албай не замечая; не придавая значения;
этибарга да алган жок он и внимания не обратил; он не придал никакого значения;
этибар кыл- заметить, обратить внимание;
күндүн бүркөлүшүн Эркин этибар кылган жок Эркин не заметил, что погода хмурится.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Назар салбоо, көңүл бөлбөө, байкас албоо. Болот миң башы элдин буркан-шаркан түшүп жатканын этибарга албай, эл ичинен чыгып кетти (Абдукаримов). Жеңижок ичинен кым деди, «чоң жолго таштап» деген кайраштырууну этибарга албай, кеп Токтогул жөнүндө чыгып калганына кубанды (Касымбеков). Анан барып жазылат дедиби, Шарипа күйөөсүнүн бул мүнөзүн этибарга албады (Кушубеков). Комуздун баркын билбеген Султаналы аны этибарга алган жок («Ала-Тоо»).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Назар салбоо, көңүл бөлбөө, байкас албоо. Болот миң башы элдин буркан-шаркан түшүп жатканын этибарга албай, эл ичинен чыгып кетти (Абдукаримов). Жеңижок ичинен кым деди, «чоң жолго таштап» деген кайраштырууну этибарга албай, кеп Токтогул жөнүндө чыгып калганына кубанды (Касымбеков). Анан барып жазылат дедиби, Шарипа күйөөсүнүн бул мүнөзүн этибарга албады (Кушубеков).

Киргизско-русский словарь Юдахина
ар.
осторожность, осмотрительность;
этиет бол- быть осторожным, осмотрительным;
этиет кыл- проявлять осторожность, осмотрительность;
этиет сүйлө- говорить осторожно, осмотрительно.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Коомдук аң-сезимдин бир формасы болгон мораль, адептүүлүк жөнүндөгү философиялык окуу.
2. Белгилүү бир таптын, коомдук топтун, кесипчиликтин жүрүш-туруш, адептүүлүк нормаларынын жалпы жыйындысы, чаралы.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
ж.
1. филос. этика (кишинин кулк-мүнөзү, жүрүм-туруму жөнүндөгү философиялык окуу; бул - идеологиянын формаларынын бири болуп эсептелет);
2. этика (адеп, сылыктыктын, тартиптин нормасы);
партийная этика партиялык этика;
врачебная этика врачтык этика.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Коомдук аң-сезимдин бир формасы болгон мораль, адептүүлүк жөнүндөгү философиялык окуу. 2. Белгилүү бир таптын, коомдук топтун, кесипчиликтин жүрүш-туруш, адептүүлүк нормаларынын жалпы жыйындысы. Жетекчинин этикасы. Дарыгердик этика.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Табына келип, ээлигип, күчөп жүгүрө баштоо (көбүнчө тапталган күлүктөргө карата). Боз аттан чым-чым тер чыгып, эти кадимкидей кызып, арышын узатты (Каимов). Эти кызып алыптыр, Куштай учуп калыптыр (фольк.).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Тың, чыйрак, жандуу, бышык. Эти тирүү, кеби тың келин ушунча көптөн жазганбай тике айтты (Сыдыкбеков). Анын эти тирүү, нары элпек, нары зээндүү экенин Федоров байкап калат (Ашымбаев). Айгүл эти тирүү, зээндүү кыз. Окусун. Адам болсун, -деди Исабек (Айтбаев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
жүүнү тирүү менен бирдей. Эти тирүү, кеби тың келин ушунча көптөн жазганбай тике айтты (Сыдыкбеков). Анын эти тирүү, нары элпек, нары зээндүү экенин Федоров байкап калат (Ашымбаев). Айгүл эти тирүү, зээндүү кыз. Окусун. Адам болсун, – деди Исабек (Айтбаев). Ал эти тирүү бала болучу (Жантөшев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Жаныбарлардын сөөгүнө жабышкан дене ткандары. Дененин булчуң эттери. Этиң калып көк жашык, Каның калган бир кашык («Манас»). 2. Союлган малдын, аңдын, канаттуунун, балыктын ж. б. азык-түлүк үчүн колдонулган (желе турган) ушундай дене заты. Манапты ээрчип эт жеген Мадырайган соргогум (Токтогул). Койдун эти. Балыктын эти. Үй куштарынын эти. Сүр эт. 3. Ар кандай жемиштердин, бакча өсүмдүктөрүнүн желе турган жумшак заты. [Алманын] жука, кызыл терисинин астынан ширелүү, күн нуру сиңген даамдуу эти көрүнүп турду (Айтматов). 4. Дене, бүткөн бой. Көйнөгүм жок, жылаңач, Куур тонум этимде («Жазгыч акындар»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кыймыл-аракеттин болушун, бир нерсенин иштелишин билдирүүчү көмөкчү этиш. Эмгек этип жашыңдан, Элге жаксаң эң кызык (Токтогул). Чоң эне азыр жай сүйлөп, небересине өткөндү баян этти (Сыдыкбеков). Чоңдордун жемеси Орусбектин сезимине таасир этти (Сыдыкбеков). Карагай таш тийгендей солк этти (Токомбаев). Машина лып этип келип токтой калды (Жантөшев). Каныбек акырын гана күңк этип койду (Жантөшев). Мылтыктын тарс эткен үнү чыкты (Баялинов).

Киргизско-русский словарь Юдахина
~: (или эткисиз)
кың эткисиз кылайын я сделаю так, что он и не пикнет (будет беспрекословно подчиняться);
былк эткис болду он стал совершенно неподвижным, таким, которого с места не сдвинешь.

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Эки ортодо, ал жакка да бул жакка да ачык кошулбаган абалда, эки ортодо эптеп мүлтүлдөп жашаган, кошоматчылык менен күн көргөн. Тап күрөшү учурунда эт менен челдин ортосунда тынч жашай берүүгө болбой тургандыгын жаңы досторунун жардамы менен түшүндү (Абдыраманов). Мамбеткул эт менен челдин ортосунда байкалбай кала берди (Бейшеналиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Эки ортодо, ал жакка да бул жакка да ачык кошулбаган абалда, эки ортодо эптеп мүлтүлдөп жашаган, кошоматчылык менен күн көргөн. Тап күрөшү учурунда эт менен челдин ортосунда тынч жашай берүүгө болбой тургандыгын жаңы досторунун жардамы менен түшүндү (Абдыраманов). Мамбеткул эт менен челдин ортосунда байкалбай кала берди (Бейшеналиев). В.: Эт менен челдин арасында. Эт менен челдин арасында жан багып жүргөн адамдар чечкиндүү ишке бел байлай албайт («Чалкан»).

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЭТНОСТУК (УЛУТТАШТАР) ӨКҮЛЧҮЛҮК (гр. ethnos – тукум, эл) – ага ылайык, өкүлчүлүк мекемесинин депутаттар курамын өлкөнүн (же анын аймагынын) баардык калкы эмес, белгилүү бир этностук топтор тарабынан шайлана турган өкүлдөр түзүүчү өкүлчүлүк бийлигин уюштуруу принциби. Жарандар теңдештигинин байтүп принциби болгон теңдеш өкүлчүлүк кылуу принцибине кайчы келгендиктен, ал өтө сейрек колдонулат. Кээбир демократиялуу мамлекеттерде Э. ө. көмөкчү мүнөз күтүү менен, аз сандагы түпкү элдердин кызыкчылыгын коргоонун конституциялык ыкмасы катары кызмат өтөйт: улуттук аймактар боюнча анчалык көп эмес сандагы депутаттар же Индиянын, Словениянын, Кырым Республикасынын, дагы башка кээбир мамлекеттердин парламентине чакан улутташтар тобунан ушундай жол менен шайланат.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Элдердин материалдык маданиятын, салтын, үрп-адатын, турмуш өзгөчөлүктөрүн ж. б. жактарын изилдөөчү илим.
2. Кандайдыр бир элдин, улуттун, уруунун маданиятынын, салтынын, турмушунун калпы өзгөчөлүктөрүн түзгөн белгилер.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
ж.
этнография (1. элдердин материалдык, коомдук жана духовный маданиятынын, алардын чыгышынын, салтынын, үрп-адатынын ж.б. өзгөчөлүктөрүн изилдей турган, тарых илиминин бир бөлүгү; 2. бир калктын үрп-адаттык, маданий жана материалдык турмуш шарты жагынан өзгөчөлүгү).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Элдердин улут катары калыптанышын, материалдык маданиятын, салтын, үрп-адатын, турмуш өзгөчөлүктөрүн ж. б. жактарын изилдөөчү илим. 2. Кандайдыр бир элдин, улуттун, уруунун маданиятынын, салтынын, турмушунун жалпы өзгөчөлүктөрүн түзгөн белгилер.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кеңири мааниде этностордун теги, негизги белгилери, өз ара мамилелеринин формалары жана типтери, материалдык жана руханий маданиятынын өзгөчөлүктөрү, этностук өзүн-өзү аңдоо сезиминин, этноско ыйгаруучулук маселелери менен бирге, күндөлүк жашоо-тиричилигинин түрдүү аспектилерин изилдөөчү илим.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Тигил же бул этностук топтун мүнөзүн, адамдардын психикасындагы этностук өзгөчөлүктөрүн, улуттук мүнөз маселелерин, этностук өзүн-өзү аңдоо сезимин, этностук стереотиптердин калыптануусун жана аракетин, этностук топтордун мамилелешүү процессиндеги психологиялык айырмачылыктарынын көрүнүштөрүнүн өзгөчөлүктөрүн изилдөөчү илимдин чектеш тармагы.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Маданий, писхологиялык, тилдик мүнөзү жана өзгөчөлүктөрү жалпы, өздөрүнүн бир жалпылыкта экендигин аңдаган жана энчилүү аты бар адамдардын белгилүү аймакта тарыхый жактан калыптанган туруктуу биосоциалдык тобу.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Этностордун генезисин, маңызын, функциясын, өнүгүшүнүн жалпы мыйзам ченемдүүлүктөрүн, ошондой эле түрдүү этностук топтордун окшоштуктарын, айырмачылыктарын жана бул же тигил адам топторуна мүнөздүү социалдык кубулуштарды изилдөөчү илим.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЭТНОСТУК (УЛУТТАШТАР) ӨКҮЛЧҮЛҮК (гр. ethnos – тукум, эл) – ага ылайык, өкүлчүлүк мекемесинин депутаттар курамын өлкөнүн (же анын аймагынын) баардык калкы эмес, белгилүү бир этностук топтор тарабынан шайлана турган өкүлдөр түзүүчү өкүлчүлүк бийлигин уюштуруу принциби. Жарандар теңдештигинин байтүп принциби болгон теңдеш өкүлчүлүк кылуу принцибине кайчы келгендиктен, ал өтө сейрек колдонулат. Кээбир демократиялуу мамлекеттерде Э. ө. көмөкчү мүнөз күтүү менен, аз сандагы түпкү элдердин кызыкчылыгын коргоонун конституциялык ыкмасы катары кызмат өтөйт: улуттук аймактар боюнча анчалык көп эмес сандагы депутаттар же Индиянын, Словениянын, Кырым Республикасынын, дагы башка кээбир мамлекеттердин парламентине чакан улутташтар тобунан ушундай жол менен шайланат.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Дүйнө элдеринин жаратылыш чөйрөсүнүн, материалдык жана жарым-жартылай рухий маданиятынын, социалдык уюмунун жана башка бөтөнчөлүктөрү менен байланышкан салттуу чарбалык ишмердигинин өзгөчөлүктөрүн изилдөөчү илим.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
это I
частица разг.
бу, бул;
кто это пришёл? бу келген ким?;
где это вы пропадали? сиз кайда жоголуп жүрдүңүз?; сиз кайда жоголуп кеттиңиз?;
как это так? бу кандай?, кантип?;
как бы это сделать? муну кантип жасоо, иштөө керек?;
как же это он сюда попал? кантип ал бул жерге келип калды?
это II
мест. ср. р. к этот.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
мест. указ.
1. бул, мына бул, бу, ушу;
на этом берегу бул жээкте;
этот или тот дом мына бу же тиги үй, бул же тиги үй;
ничего с этим делом не выйдет бул иштен эчтеме чыкпайт;
2. в знач. сущ. ср. бул, мына бул, бу, мына бу, муну;
как всё это случилось? мунун баары кандайча болуп кетти?, бул иштер кандайча болуп кетти?;
я этого не знаю мен муну билбеймин;
никто этому не поверит эч ким буга ишенбейт.

Киргизско-русский словарь Юдахина
возвр. от этте-
пополнеть;
мал эттенип калды скот вошёл в тело, потучнел;
Табылды таксыз айыкты, баштагыдан эттенип фольк. Табылды совсем выздоровел, стал полнее, чем раньше.

Киргизско-русский словарь Юдахина
понуд. от эт- II;
былк эттире албады он не мог сдвинуть с места;
былк эттирбей не дав шевельнуться;
тырс эттир- вызвать лёгкий треск;
чыйрак жипти тырс эттирип үзүп алды крепкую нитку он перервал с треском;
чык эттир- тюкнуть (напр. молоточком по металлу);
кырс эттир- щёлкнуть, хрустнуть (напр. пальцами).

Киргизско-русский словарь Юдахина
мясистый;
ак эттүү (о коне)
1) тот, который хорошо держит тело, который не быстро спадает с тела;
2) выносливый;
кара эттүү (о коне)
1) тот, который не держит тела, быстро спадает с тела;
2) невыносливый.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
м.
1. жив. (набросок) этюд, алгачкы набросок (сүрөттүн, скульптуранын ж.б. эскиз түрү);
этюд к картине картинага этюд;
2. муз. этюд (көнүктүрүү, үйрөтүү үчүн жазылган же усталык үлгүлөрүн көрсөтө турган музыкалык чыгарма);
3. лит. (очерк) этюд;
4. шахм. этюд (утуу же эч ким ута алышпай турган абалга чейин жеткирүү максатын көздөп, атайын түзүлгөн позиция).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Сүрөт искусствосуна таандык кандайдыр бир чыгарманын же анын айрым бөлүгүнүн жалпы болжолун, дагы өнүктүрүлө турган алгачкы көрүнүшүн элестетүүчү сүрөт, скульптура, картинка. Булар графикалык жана живопистик, этюддар эле («Советтик Кыргызстан»). 2. муз. Көнүктүрүү, үйрөтүү үчүн жазылган же чебердиктин үлгүлөрүн көрсөтө турган музыкалык чыгарма. 3. Адабий, илимий же философиялык темадагы очерк. 4. Шахмат, шашки ойноонун техникасын үйрөнүү же мелдешүү максатында атайын түзүлгөн позиция.