Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Эч жакшылык көрбөө, оңолуп кете албоо, жарыбоо, өтө начар абалда болуу. – Кептин баары ошо этеги тизесине жетпеген куу туяк Молдодо (Бейшеналиев). Өмүрү этегиң тизеңе жетпей, колуң ашка жетпей, кадам сайын бутуңдан каргыш чалып куурап жүрүп өт (Байтемиров). В.: Этеги толорсугуна жетпөө. Ал деле этеги толорсугуна жетип жыргап кеткен жери жок («Чалкан»). Этеги жерге жетпөө. Ысактын деле этеги жерге жеткен жери жок («Ала-Тоо»). Этеги такымына жетпөө. Этеги такымына жетпеген куур тондор төбөгө чыкты го? (Каимов). Этеги узарбоо. Жарытылуу эмгек кылып, маңдайыңдан тер чыкпай этегиң өзү эле узарбайт («Ала-Тоо»). Этеги эки болбоо. Көлгө барганыңар менен этегиңер эки болбойт, – деп бизди азгыра баштады (Турусбеков). Ошондо деле этегим эки болгон жок («Ала-Тоо»).