Русско-кыргызский словарь и глоссарий банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Эталондук портфель (Бенчмарк) (Benchmark Portfolio Benchmark) —Эталондук инвестициялык портфель – бул, эл аралык камдарды тескөөнүн нейтралдуу теориялык портфели, ал инвестициялардын реалдуу түрлөрүндөтүзүлүп, рынокто оңой ишке ашырылат. Эталондук портфель инвестициялык активдер үчүн түзүлүп, активдердин (инвестициялардын түрлөрүнүн) топтомун жана түзүмүн ошондой эле, инвестициялык актив үчүн максималдуу мөөнөттүүлүктү жөнгө салат. Айрым учурда эталондук портфелдин ордуна бенчмарк колдонулат.