ЭТЕГИН КАРМОО
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Бирөөгө сүйөнүп, аны кара тутуу, ага ишенүү, ошонун жардамын көрүү деген мааниде. Каленжан, мындан ары ушул турган көпчүлүк сенин этегиңди кармамакчы (Укаев). Көнгөнүңдөй казалын көчүрүп, таркатып, кат-сабатыңды арбытып, Молдокеңдин этегин карма, – деп атам жиберди (Бейшеналиев). Бакы менен куда-сөөк болуп этегин кармасам, чамгарагынан кут түшпөйбү (Осмоналиев). Башкарманын этегин кармап иш кылдым («Ала-Тоо»).