ЭТЕК
Краткий этимологический словарь кыргызского языкаКийимдин, жерге жакын төмөн жагын этек дейбиз. Бул сөз – байыркы атак «бут» сөзүнүн а тыбышы э тыбышына алмашкан варианты. Анткени байыркы түркчө адак сөзү атак да болуп айтылган (ДТС, 66). Ал азыркы кыргызча айак (аяк) сөзүнө туура келет. Кийимдин этеги аягы да болуп эсептелет. Ушул себептен байыркы атак сөзү үндүүлөрүн өзгөртүп, этек түрүнө келүү менен, айак сөзүнөн башкача маани берип калган.