Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Бала-чакалуу болуу, укум-тукуму өсүү. Бүбүнүн этек-жеңи жайылып, очор-бачар болуп отурат (Жантөшев). Анын этек-жеңи жайылып байбиче болоюн деп, азыр ай-күнүнө жетип калыптыр (Сыдыгалиев). 2. Иши оңолуу, бардар, бейпил турмушта жашоо. Айнагүл чатырап гүлдөп, этек-жеңи жайылып кулпуруп турган чагы да (Сыдыкбеков). Жетишпестик жоголуп, Жайылган кез этек-жең (Үмөталиев).