Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Кийимдин, үзүктүн ж. б. нерселердин төмөн жагы, аяккы бөлүгү. Этекти кессең жең болбойт, Эзелки душман эл болбойт (макал). Аттаганда тонумдун этеги бутумун учуна оролуп калды (Элебаев). 2. Тоонун, адырдын, бөксөнүн ж. б. эңкейиштеп, жантайып бүткөн жери. Көк түтүн каптап, чаң ызгып, Көрүнбөй тоонун этеги (Бөкөнбаев). Кыштактын бир учу түндүк тарапка созулуп кетсе, бир учу тоонун этегине чейин барат (Таштемиров). Этек жагы Бурканга, Этектеп малын айдаган (Казыбек). Ошол түнү жолу оңолбос Жаабарс бийик ашуунун этегинде убайымга ууланып турду (Айтматов).